Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:54

“Манас” базасы тууралуу келишимди ратификациялоого ЖК комитети макулдугун берди

Парламенттин коргоо, коопсуздук, укук жана соттук-укуктук реформалар боюнча комитетинде КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат берди. Анын айтуусунда “Манас” аба майданында түзүлө турган АКШнын транзиттик-логистикалык базасына уруксат берүү - Ооганстандагы жана Пакистандагы кырдаалдын курчушуна ылайык мезгилдин талабы болуп эсептелет. Министр белгилегендей бул базага байланыштуу жаңы келишим түзүлүп, анда жаңы шарттар каралган. Алардын ичинен базанын персоналдары үчүн атайын административдик-техникалык макам берилет, бирок бул макам алардын кызматына байланыштуу гана күчкө ээ боло алат, дейт тышкы иштер министри.(ZKo)
XS
SM
MD
LG