Фракциянын мүчөсү Рашид Тагаевдин билдирүүсүнө караганда, Манас аба майданында Транзиттик борбор түзүү боюнча кыргыз жана америка өкмөттөрүнүн келишимин фракция жабык эшик артында карап жатат. Бирок ал өзү келишимдин комитеттерде 23-июнда жактырылышын кубаттап, бул чечим Кыргызстандын коопсуздугуна он салым кошоорун белгиледи.(AiT)