Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Кыргыз тарыхы: Евразия талааларынан тоолорго жайылган тамыр


Кыргыздардын көөнө тарыхы, анын те байыркы Евразия талааларында калган издери, индо-ирандык тектеш тамыры, Андрон уруулары менен аралаш өткөргөн турмушун академик Елена Кузьмина өмүр бою изилдеп келатат. Кыргыз тарыхына байланышкан анын кабарчыбыз Бекташ Шамшиев менен маегине назарыңыздарды бурабыз.

- Елена Ефимовна, кийинки кездери кыргыздардын байыркылыгы, алардын сак-усундардан таралгандыгы, арийлер менен тектештиги жөнүндө арбын кеп болууда. Ушундай болжолдордун реалдуу негизи бар деп айтса болобу?

Елена Кузьмина: - Албетте, негизи бар. Ал археологиялык изилдөөлөр аркылуу далилденген. Себеп дегенде, биздин эрага чейинки 4-миң жылдыкта, ошонун соңунда, 3-миң жылдыкта Евразия талааларында, Дунайдан Алтайга чейин көчмөн калктардын ири жалпылыгы күн кечиришкен. Алардын бир бөлүгү Азия талааларында - Оролдон Алтайга чейинки аймакта Андрон уруулары жашашкан. Алар дүйнөлүк цивилизацияда өзгөчө чоң роль ойношкон. Мына ушул Андрон урууларынын урпактары сактар болушкан. Сактар азыркы Кыргызстан аймагында жашашкан. Борбордук Азиядан келген кыргыздардын бабалары сактар менен аралашып кетекен. Бул өзү кагылыш-сүргүнсүз аралашуу болгон. Анын негизинде кыргыз этносу, кыргыз эли пайда болгон. Ошондуктан Андрон же тагыраак айтканда, сак компоненти кыргыз курамында сөзсүз бар. Бул археологдор изилдеген материалдык маданияттан, эки этностун өз ара карым-катнашынан өзгөчө байкалат. Бул илмий болжолдун олуттуу негизи бар. Мен бул теманын үстүндө кыйла жылдар иштегем. Ошон үчүн Андрон уруулары менен сактардын индо-ирандык негизи бекем илимий негизде ырасталган. Мен индиялык Ригведа менен ирандык Авесталардын тексттеринин негизинде ушул бүтүмгө келип отурам. Буларда матералдык маданияттын көп издери сакталып калган. Аны археологиялык казуулардын жыйынтыктары менен да салыштырууга болот. Материалдык маданияттын бардык негиздери индо-ирандык жазма эстеликтерде жазылып калган. Алар Орто Азиядагы Андрон маданияты менен окшошуп кетет. Андрон ажайып эстеликтери Кыргызстандын көп жерлеринде кезигет. Ал мына ушул маданияттын арасына кирет. Эстеликтер Тян-Шандан арбын. Тян-Шандагы бийик тоо арасындагы көрүстөндөр Орто Азиядагы эң алгачкы катталган эстеликтер. Бул өзгөчө маанилүү нерсе. Анткени ал ошол кездеги цивилизациянын кыйла алдыга жылганын көрсөтөт. Көчмөн цивилизация жерди пайдалануунун кеңейишине байланышкан. Анан да ал Тян-Шанда Андрон уруулары жашаганын билдирет. Бул жерде байыркы ташка тартылган сүрөттөр бар. Анын да цивилизация тарыхындагы орду өзгөчө. Жылкылар менен дөңгөлөктүн, айры өркөчтүү төөлөрдүн сүрөттөрүн биз Индиядан да көрөбүз. Бул дагы индо-иран болжолунун пайдасына жүрчү илимий гипотеза. Мен муну илимий бекем негизге таянган болжол деп айтар элем. Канааттануу менен айта кетчү дагы бир сөз, мына ушул индо-ирандык тек жөнүндөгү менин Лейпцигде чыккан китебим ирандыктар жөнүндөгү мыкты эмгек катары эларалык сыйлыкка арзыды.

- Елена Ефимовна, кыргыз тарыхынын ортоазиялык катмары жөнүндө айттыңыз. Анан да биздин тарыхтын Энесай доору деген катмары бар. Бул экөөнүн ортосунда байланыш барбы? Кыргыздар Евразия мейкининде жашап келишкен. Мына ушул эки маданият кантип жана кандайча жуурулушуп калышына токтоло кетсеңиз. Ал эмнеден көрүнөт?

Елена Кузьмина: - Бул кыргыз этносунун мурда сактар ээлеп келген аймактарга киришинен көрүнөт. Эки этнос мына ушул Кыргызстан аймагында жуурулушуп кетишкен. Азыркы кыргыздардын материалдык, рухий маданиятында мына ушул эки этноско тиешелүү өзгөчөлүктөр сакталып калган. Этногенезде деле ошондой. Кыргыздарда байыркы инди, сактардын айрым белгилери сакталып калганын азыр антропологдор илимдин жаңы жетишкендиктеринин негизинде аныктап жатышат.

- Илимдин жетишкендиги мурда айтылып келген болжолдордун чын экенин далилдеп бере алат. Анткен менен азыркы кыргыздардын индо-ирандык тамыры менен байланышын көрсөтө ала турган материалдык белгилерди айта аласызбы? Ошондойлор материалдык маданиятта кездешеби?

Елена Кузьмина: - Сөзсүз бар. Анткени кыргыздар жаңыча, чынында да башкаларга окшобогон өзгөчө маданитятты жасаган азганакай элдердин бири. Бул дүйнөлүк цивилизацияга кошулган кыргыз элинин маанилүү салымы. Себеп дегенде ал адам жашоосунун мейкиндеринин кеңейишине шарт түзгөн. Анын бири Индияга кетип, экинчи бөлүгү бийик тоолуу Тян-Шанды өздөштүрүп калышкан. Дагы, кыргыздардын ата-бабалары ат минүүнү өздөштүргөн калктардын бири болушкан. Ат үстүндө уруш салуунун жаңы тактикасы өздөштүрүлгөн. Cактар менен скифтер ат үстүндө душманга жаа атышкан. Бул кол салуунун натыйжалуулугун бир канча эсе көтөргөн. Аскер ишиндеги бул революция байыркы Чыгышка тараган. Кийин көчмөндөр алдыңкы Азияга келишкенде уруш жүргүзүүнүн мына ушул тактикасын колдонушкан.

- Елена Ефимовна, арийлер жөнүндө кеп кылып кеттиңиз. Алардын кыргыздар менен сырт түспөлү жагынан окшоштугу барбы? Сиздин илимий изилдөөңүзгө негиз берген мына ушул кыргыз, ирандык-индиялык тектештикти ырастап бере ала турган сырткы окшоштуктар барбы?

Елена Кузьмина: - Азыркы кыргыздар менен индиялыктардын сырт түспөлүндө эч кандай окшоштук жок. Анткен менен ген аркылуу билинчү генетикалык окшоштук бар. Азыркы генетиканын жетишкендиги аркылуу илимпоздорго аркыл элдердин кантип чыгышын аныктоо мүмкүнчүлүгү ачылды. Бул өзү өзгөчө маанилүү ачылыш. Кыргыздар менен байыркы сак урууларынын тектештиги мына ушул илим жолу менен аныкталууда. Канчалык терең кетсек ошончолук деңгээлде индо-иран катмары менен маданий окшоштуктар арбын табылууда.

- Сиздин эмгектериңиздин бири скифтер менен бактириялыктардын мифологиясына арналган. Булардын кыргыз өнөрү, мифологиясы менен жалпылыктары, окшоштуктары кезигеби? Сиз буга көңүл бурганыңыз жокпу?

Елена Кузьмина: - Мен скифтер дегенде жалпы аталышты эске алып жатам. Анын ичинде сактар да бар. Анткени гректер өзүнө кошуна турган ирандык урууларды скифтер деп аташкан. Байыркы персиялык булактарда Чыгыштагы урууларды сактар дешкен. Ошондон скиф деген жалпылама ат Дунайдан Алтайга чейинки аймактарда жашап турган уруулардын баарынын аталышы катары колдонула берет. Мен ирандык сактардын тарыхый семантикасын изилдедим. Китепте кеңири маалыматтар берилген. Анда бул элдердин тарыхы, өнөрүнүн түпкү тек-жайы иликтенген. Ошондой эле көчмөндөрдүн өнөрүндө кездешкен айбанат стилинин тек-жайына токтолгом. Бул стилдин чыгышы туралуу эки болжол бар. Биринчиси боюнча ал Киев Украинасынан чыккан делсе, экинчи болжол боюнча ал Сибирден чыкканы айтылат. Азыр ошентип айбанат стили боюнча талаш жүрүүдө. Канткен менен айбанат стили кеңири аймактарга таралган. Ошондуктан бул өнөрдүн өзгөчөлүгүн салыштырып иликтеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Оймо-чиймелерге кандай маани-мазмун катылганын иликтеп чыгуу кызык. Маселен, момундай сюжетти - кыйноо сценасын алып көрөлү. Буканы жырткычтар тегеректеп тыткылап жатышат. Көрсө жырткычтардын аты жылдыздардарга берилген экен. Алар асманда жазгы күн менен түн теңелген чакта Букачар жылдыздын жанынан көрүнүшөт. Күн менен түндүн теңелиши байыркы индо-ирандык элдердин чоң майрамы катары белгиленген. Кийин ал башка элдерге да таралган. Бул символ кыргыз өнөрүндө эмдиге чейин сакталып келатат.

- Ырахмат. Елена Ефимовна, кийинки кездери мамлекеттик деңгээлде көчмөн цивилизацияга кызыгуу күчөп баратат. Адамзат цивилизациясына көчмөндөр кандай салым кошушту? Ушуга бираз токтоло кетсеңиз.

Елена Кузьмина: - Муну мен кайталап айтуудан тажабайм. Менимче, анын үч мейкини бар. Биринчиси - токой аймагында жашагандар. Ал жерде балык кармоо менен аңчылык жакшы өнүккөн. Анын жанында талаа-түздө жашаган көчмөндөр турушат. Тоого жакын, экологиялык таза чарбага негизделген кайталангыс турмуш дал ушул жерде. Көчмөн цивилизациянын жаралышына шарт түзгөн экологиялык текче деп койсок болот. Бул маданият тарыхында өзгөчө орду бар, ири салым кошкон цивилизация. Көчмөндөрдүн жашоо ыкмасы түштүк аймактардагы жер иштеткен калктардан айырмалуу болчу. Миңдеген жылдар алар көчүп-конуп жүрүүнүн эң алдыңкы ыкмаларын табууга жетишкен. Экологиялык факторду эсепке алган боз үйдү жасашкан. Ылайыктуу кийимдерди жасашкан. Шым, күрмө, калпак. Тиберхаут деген уруулардын аты калпак менен байланышкан, ал кийин кыргыздарга көчүп өткөн. Кыргыздардын майрамдык каада-салттары, сак доорунан калган кыргыз аялдарынын асем кийимдери. Мындай салттуу, экологиялык шарт-жагдайга ыңгайлашкан кийимдер талаа-түздө жашаган көчмөндөрдүн бийик өнөрүнөн чыккан. Бул жерде кыргыздардын өзгөчө салымы жөнүндө айткым келип турат. Жетисуу кыргыздары Улуу Жибек жолун миң жыл мурда эле алгачкы негизин салып коюшканы эми аныкталууда. Улуу Жибек жолу аркылуу Байыркы дүйнөдө эң ири маданий карым-катыштар жүргөн. Кыргыздар темир буюмдарды жасашкан. Аларды Шиңжанга таратышкан. Менин эмгектеримдин бирөө мына ушул Улуу Жибек жолунун пайда болушуна арналган. Жетисуудан темир буюмдар менен жылкылар Шиңжанга сатылып турган. Кыргыздын айтылуу жылкылары Шиңжан аркылуу Кытайга кеткен. Аны кытайлык мифологиядан да кезиктиребиз. Улуу Жибек жолу кыргыздардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон эң ири салымдарынын бири.

- Бизде айрым инсандар кыргыздарга 6 000 жыл болгонун айтып келишет. Сиз тарыхты жакшы билесиз. Кыргыздар канча жашта?

Елена Кузьмина: - Биринчиден, 6000 жыл тууралуу кеп болушу да мүмкүн эмес. Бул жерде маселени экиге бөлүп алуу керек. Дүйнө элдеринин ностратикалык чыгыш теги тууралуу болжол бар. Дүйнө калкынын кыйласын ностратикалык уруулар тобу түзөт. Бул индо-европалыктар, түрктөр, монголдор, буларга жапандар менен кытайлардын бир бөлүгү, ошондой эле Кавказ элдери кирет. Эң байыркы заманда, качан жана кайсы жерден бул жалпылык башталганын тактоо кыйын, бирок да чоң жалпылык болуп турган. Тарыхтын түпкүрүндө калып кеткен бу жалпылыктын кандайлыгы тууралуу археологиянын так маалыматы жок. Ал эми суроонун өзүнө келсек, мен жана сөз башында айтып кеткен кыргыздардын индо-ирандык тектештиги 3000 жылга барып такалат. Так санын эч ким айта албайт. Археологиялык казуулар жүргүзүлгөн кабырлардын айрымдары биздин доорго чейинки 1500 жыл мурда экени белгилүү. Бул мезгилди биздин доорго чейинки 1500 жыл илгери Андрон маданиятынын Кыргызстан аймагына тарала башташы десек болот. Бирок бул кыргыздардын өзүнчө этнос катары калыптанышын түшүндүрбөйт. Кыргыздар этнос катары орто кылымдардын башында Орто Азияга келишкен. Орун алмашуунун так мезгилин аныкташ кыйын. Ириде жазма эстеликтерде качантан баштап белгилене башташын тактоо да мүмкүн эмес.

- Улам соңку суроо деп эле кайта суроо узатып жатам. Елена Ефимовна, азыр кандай изилдөөнүн үстүндө иштеп жатасыз?

Елена Кузьмина: - Азыр мен кыргыз окумуштуусу Владимир Плоских менен биргелешип Евразия талааларынын тарыхы тууралуу китеп жазганы жатабыз. Сактар, арийлер проблемасына да токтолмокчубуз. Буюрса ошол китепти жазсакпы деп турабыз. Эмгек илимий негизге таянган, ошол эле учурда көпчүлүккө түшүнүктүү тилде жазылмакчы. Анан да мени бул жакка чакырган кыргыз борборго ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстанда болушту кыйладан бери күтүп жүргөм, бул жердин тарыхын изилдедим, азыркы турмушун көрүү да мен үчүн кызык.

- Елена Ефимовна, арийлер жөнүндө кеп кылдык. Алардын өзгөчөлүгү эмнеде?

Елена Кузьмина: - Арий деген сөздүн немисче чечмелениши таптакыр туура эмес деп ойлойм. Аны Нюрнберг сот процесси да ырастаган. Нукура арий деген сөз «татыктуу адам, топуктуу адам» дегенди түшүндүрөт. Боорукерлик менен чынчылдык арийлерде баарынан жогору коюлган. Негизи арий чынчыл болгон. Аны биз Авеста менен Ригведа мифлогиялык тексттеринен билебиз. Сырт келбети жагынан алардын бою узун, чачтары сары, көздөрү көк болгон. Андай адамдар кыргыздардын арасынан да жолугат. Алар бойлуу, күчтүү, чоң мурун, көздөрү бакырайган кишилер болгон. Азыркы кыргыздардын этникалык белгилери көбүнесе монгол түспөлдөшүп кетет. А бирок гени менен сырт түспөлүндө арийлердин белгиси кыргыздарда деле сакталып калган. Өңү сары көзү көк адамдарды мен Индиядан да көрдүм. Брахмандардын жогорку кастасына кирген индиялыктардын арасынан көзү көк, сары жүздүү адамдарды учураттым. Канчадан бери ысык жерде жашаса да алар этникалык белгилерин сактап калышыптыр.

- Елена Ефимовна, биздин студияга келип куруп берген маегиңиз үчүн чоң ырахмат! Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө ден соолук каалайбыз!

XS
SM
MD
LG