Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Иран: Сакчылар кеңеши бүтүмүн айтты, кризис бүтө элек


Улуу аятолла Ахмед Хатами оппозициянын жетекчилерин аёосуз жазалоону талап кылды.
Улуу аятолла Ахмед Хатами оппозициянын жетекчилерин аёосуз жазалоону талап кылды.

Тегерандын көчөлөрү кулак кескендей тынч. Турмуш кайра жайчылык нугуна түшкөнүн көрсөткөнү өкмөт күнүмдүк иштерине кирише баштады. Бирок оппозициянын лидери күрөш али бүтө электигин, нааразылык иштери улантыла турганын билдирди.

Жайчылык турмуштун жышааны катары өкмөттүк телеканалдар Тегеран университетинде өткөрүлгөн жуманамазды көрсөтүштү. Ага диний адый Али Хаменеи келген жок, анын ордуна башка аятоллалар ибаарат сөздөрүн айтышты.

Деген менен кризис бүттү деп бүтүм чыгарганга али эрте. Шайлоо жаңжалынан улам өлкөдө "улуу аятолла" аталган диний төбөлдөр арасында тутанган талаштар дале уланууда. Алардын бири Ахмед Хатами ( анын экс-президентке эч кандай жакындыгы жок) нааразылык билдирип жаткандарды "исламга каршы согуш жарыялагандар" деп атап, аларды козуткан оппозициянын лидерлерин "катуу жана аёосуз жазага" тартууну талап кылды.

Аятолла Насер Макарем-Ширази, тескерисинче, бардык тараптарды кызматташууга чакырды. "Бул үчүн сөзсүз бирдеме жасалышы керек",-деп айтты ал.

Улуу аятоллалардын дагы бири Хоссейн Али Монтазери болсо шайлоого байланыштуу талаштарды жөнгө салуу үчүн "калыс комитет" түзүүнү сунуш кылып, ошондо өкмөттүн "быкыйы чындап чукулушу мүмкүн" экенин эскертти.

Монтазери - иран коомундагы диссидент аятолла. Ал көп жылдан бери үй камагында отурат. Азыркы Иран ислам республикасынын негиздөөчүсү Али Хомейнинин эң жакын саясий иркектеши катары белгилүү, учурунда анын ордуна талапкерлигин коюп, Али Хаменеиге утулуп калган.

Жуманамаздан саал мурдараак өлкөнүн конституциялык эң жогорку көзөмөл органы – Сакчылар кеңеши шайлоого байланыштуу бардык арыздар кылдат териштирилип бүткөнүн, добуш берүүнүн жүрүшүндө жана алардын санагында эреже бузулган учур болбогонун жарыялады.

"Быйылкы шайлоо кынтыксыз өттү, ал 1979-жылдан берки эң таза шайлоо болду", - деп айтты кеңештин өкүлү.

Андан бир күн мурда оппозициянын лидери Мир Хоссейн Мусави өз сайтына кезектеги билдирүүсүн жарыялап, тарапкерлерин күрөштү тынч жолдор менен уланта берүүгө үндөдү. Өлкөдө кан төгүлгөнү үчүн жоопкерчиликти ал толугу менен добуштарды одоно бурмалагандарга жүктөдү. Мусавинин ырастоосуна караганда, бийликтер аны кайта шайлоо өткөрүү талабынан баш тарттыруу үчүн катуу кысым жасашып, иш жүзүндө үйүнөн чыгарбай жатышат.

Сакчылар кеңеши өз бүтүмүн чыгарган соң ички иштер министрлиги өкмөттүн тапшырмасы боюнча чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын, атүгүл ЦРУнун, ошондой эое куралдуу оппозициядагы "Элдик мужахеддин" тобунун шайлоодон кийинки тополоңдорго канчалык катышы барлыгын териштирүүгө киришти.

Президент Махмуд Ахмадинежад болсо бейшемби күнү АКШдан Ирандын ички иштерине кийлигишкенин токтотууну талап кылды. Президент Барак Обама иран бийликтери оппозициянын тарапкерлерин куугунтуктап,алар күч колдонуп жатканына ачууланган эле.

"Мындай одоно апазда улуу элге кайрылуу – жарабаган жосун. Сиз азыр жаңыдан эле тажрыйба топтоп, саясаттын ысык-суугу эмне экенин аңдаштыра баштадыңыз. Мен сизге бир достук кеңеш айткым келет: Буштун тушундагы жагымсыз нерселердин кайталанышын биз каалабайбыз, ошол иштерди АКШнын азыркы администрациясынан көргүбүз келбейт",-деп айтты иран президенти.

Өз кезегинде Италиянын Триест шаарында жыйынга чогулган "чоң сегиздин" тышкы иштер министрлери Иранда демонстранттарга күч колдонуу адамдардын өлүмүнө алып келгени "өтө кейиштүү" иш болгонун белгилеп, Тегеран бийликтеринен зобун-зомбулуктарды дароо токтотууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG