Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Израиль Иордандын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарынын биринде жаңы элүү үй курат


Мындай чечим Израилдин коргоо министрлиги тарабынан кабыл алынды жана бул тууралуу коргоо министри Эхуд Барактын АКШга сапарынын жуп алдында жарыяланды. Эхуд Барак бүгүн Нью-Йоркто АКШнын президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Жорж Митчелл менен кездешет. Президент Барак Обама Израилдин жөөт конуштарынын курулушун токтотууга чакырып келүүдө. Мурдараак Израилдин премьер-мнистри Биньямин Нетаньяху ал Иордандын Батыш жээгинде азыр турган конуштар элдин табигый көбөйүүсүнөн улам кеңейтилишин колдорун билдирген.

Израиль 1967-жылкы согуштан кийин каратып алган Батыш жээкте жана Иерусалимдин чыгышында 500 миңдей жөөт тургундары жашайт.

XS
SM
MD
LG