Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Иракта кан төгүү уланууда, аскер чыгаруу токтогон жок


Ал-Нажаф шаарындагы параддагы ирактык коопсуздук күчтөрү, 30-июн, 2009-жыл
Ал-Нажаф шаарындагы параддагы ирактык коопсуздук күчтөрү, 30-июн, 2009-жыл

Америкалык аскерлер Иракка басып киргенден алты жылдан кийин Ирак аскерлери бүт өлкө боюнча шаарларды АКШ армиясынан өткөрүп алды. Бул окуяны ирактыктар кечээ (29-июнда) көчөгө чыгып майрамдашты. Бирок аларды террорчулардан аскерлер жана полиция саксактап турууга мажбур болду. Өлкөдө кырдаал татаал, ошого карабастан, Ирак жетекчилери абалды өзүбүз жөндөй алабыз деп катуу турушууда.

АКШ аскерлери Ирактан толугу менен 2011-жылга чейин чыгарылып кетмекчи. Андан кийин өлкөдө, шаарларда гана америкалык машыктыруучу, кеңешчилдин чакан топтору калат.

Ал эми учурда алар ири жана чакан шаарлардан алынып кетүүдө. Баш калаа Багдаддан түндүктөгү Бакуба шаарында жергиликтүү полициянын башчысы генерал Абдул Хуссейн ал-Шамри ирактыктар чет элдик аскерлерсиз деле оокат кыла алат деген кыязда сүйлөдү:

- Көп улуттуу күчтөрдүн Бакуба дубанынын айыл-шаарларынан чыгарылышы биздин күчтөр коопсуздукту сактап, мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздай алаарын, чет элдик кийлигишүүгө зарылдык жок экендигин көрсөтөт.

Бул күнү тышкы иштер министри Хошяр Зебари да Ирактын өкмөтү кырдаалды камсыздай алаарын баса белгиледи:

- Бул маанилүү күн, Ирак өкмөтү кол койгон аскерлерди чыгаруу тууралуу келишимди аткаруудагы алгачкы практикалык кадам. Эч ким бул күндүн, аскер чыгаруунун маанисин төмөндөтө албайт. Бул Иракта турган америкалык жана башка чет элдик аскерлерди толугу менен чыгарууга жол ачуучу биринчи кадам.

Өкмөт башчысы Нури ал-Маликиге үндөш сүйлөгөн тышкы иштер министри дагы буларды кошумчалады:

- Ирактын өкмөтү өзүнүн коопсуздук жана куралдуу күчтөрү коопсуздук маселесин жөндөй алаарына ишенет. Террорист топтордун кол салууларына, бомба чабуулдарына карабастан өкмөт кырдаалды көзөмөлдөйт. Мындай чабуулдар аскер чыгарууга кедерги боло албайт. Бүгүн Иракка ылым санагандар кубанычта, ал эми Иракты көралбай, Ирактагы жылышка ичи күйгөндөр бүгүнкү күндүн маанисинен күмөн санай беришсин.

АКШнын Ирактагы элчиси Кристофер Хилл да ирактыктар америкалык аскерлерсиз күн көрүп кетүүгө даяр экендигин белгилеп, аскер чыгарууну маанилүү окуя деп атады. Ошол эле мезгилде элчи АКШнын Иракта миссиясы уланып жаткандыгын мындайча эскертти:

- 30-июндан кийин америкалык аскерлер шаар-кыштактардан кетет, бирок биз Ирактан биротоло кетпейбиз. Иракта дагы көп санда америкалык аскерлер кала берет. Иш жүзүндө бүгүн шаарлардан чыгарылган аскерлер Ирактын өзүнөн жети айдан кийин гана чыгарыла баштайт.

Америкалык элчи америкалык аскерлердин саны Иракта 2010-жылдын августунан кийин гана кескин азаярын билдирди.

Анын аралыгында, аскер чыгаруунун мезгилинде төрт америкалык аскер окко учкандыгы маалым болду. АКШ армиясы алар «согуш аракеттерине байланыштуу алган жаракатынан көз жумду» деген билдирүү менен чектелди.

Аскер чыгаруу АКШ менен Ирактын ортосунда түзүлгөн коопсуздук келишиминде каралган. Бул чыгаруунун алдында Иракта кандуу чабуулдардын саны кескин көбөйдү. Соңку калабаларда 250дөн ашык киши көз жумду.

Анын ичинде 20-июнда Ирактын түндүгүндө мечит жардырылганда урандылардан 81 кишинин сөөгү чыкты. Мындай чабуулдар үчүн адатта ал-Каиданын Ирактагы бөлүмүн жана экс-президент Саддам Хусейндин Баас партиясынын калдыктарын күнөөлөшөт.

Ирактык аскерлер коопсуздукту өз колуна алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

XS
SM
MD
LG