Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

А. Атамбаев Ак үйдүн провокациясын төгүндөдү


Бириккен элдик кыймылдын атынан бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев атайын кайрылуу менен чыгып, «Максим Бакиев менен Борис Березовскийдин досторунун гезиттери, телеканалдары аркылуу таратылган» ал тууралуу материалдарды карандай калп катары четке какты.

Алмазбек Атамбаев «мен адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн», деп билдирди. «Мага каршы даярдалган балит, ыплас маалыматтык провокациялардан улам ушул кайрылууну жасаганга мажбур болуп отурам. Сөз Жалал-Абаддын бир жериндеги менин шайлоочуларым менен болгон жолугушуум учурундагы так эмес фото-видео материалдар тууралуу жүрүп жатат. Белгисиз себептерден менин капыстан ооруп, өзүмдү жоготконумду «талапкер шайлоочулар менен мас абалында жолукту» деп маалымат таратышты. Карандай калп. Динге жакын бул аймакта акыл-эси ордунда болгон адам мындай ишке барбайт. Бул акция провокациялык, кала берсе алдын ала пландалган сыяктуу түр калтырды. Анткени, менин жолугушууга чыгып келаткан учурумду алдын ала эле камера менен тартып күтүп турушкан экен», деп айтылат ал кайрылууда.

Андан ары А.Атамбаев бул маалыматтарды бийликтин атайын тапшырмасы катары баалаган: «бул ыплас материал Максим Бакиев менен Борис Березовскийдин досторунун гезиттери, телеканалдары аркылуу таратылганы дагы бир кыйла маанилүү. Эмне үчүн мен буга чейин бул материалдарга эч кандай реакция жасаган жокмун. Узак убакытка үгүт сапарында жүрүп, бул материалдарды көрбөй, мен буга көңүл бурбаганымдан. Алгач, керек болсо, маалымат кызматыма кандайдыр бир реакция жасоого тыюу салып келдим. Мен адеп-ахлактык нормалар менен жашоого жана алардын негизинде күрөшүүгө көнгөн адаммын. Бийликке жагалдангандар ушундай деңгээлге түшүп кеткенин чындыгында күткөн эмес элем», деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле талапкер учурда эл эмнени күтүп жатканын жана үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды мындайча чечмелейт: «Эл арасында үй-бүлөлүк башкаруу режиминен бошонуу идеясы күч алууда. Бул кээ бир адамдарды тынч уктатпай атат. Оппозициянын бирдиктүү талапкеринин беделин кетирүү үчүн ыплас чараларды колдонуп жатышат. Менин экинчи аялы бар деген калп маалыматтарды тартышууда. Алардын кээ бир «кумирлеринен» айырмаланып, менин жалгыз гана жубайым бар, экөөбүз чогуу өмүр сүрүп келатканыбызга 20 жылдан ашты. Биз бири-бирибизди сыйлап, сүйүп жашап келебиз. Мага никесиз баласы бар деген жарлыкты таңуулоо абсурддук көрүнүш. Мен Кудайга ишенген адаммын, өз баласынан качкандарды эч качан сыйлабайм. Ак эмгек менен тапкан акчама жакшы көрүп, сыймыктанган балдарымды гана багууга эмес, бейтааныш балдарга, адамдарга да жардам берүүгө дагы Жараткан мага мүмкүнчүлүк берди. Акүйдүн провокаторлор менен жалаа жабуучулары мага карата жаңы калпты даярдап атканынан дагы кабардармын. Алардын аттары дагы белгилүү, бирок мен 16 жылдан бери саясатта жүрүп бул байкуштар менен бир дагы жолу соттошкон эмесмин. Мурда алар Акаевдердин үйбүлөсүнүн колуна суу куюп жүргөн болсо, эми башка акырга баш салып атышат. Аларды Кудай таразаласын».

Билдирүүнүн аягында Алмазбек Атамбаев 23-июлдагы шайлоого оппозиция чечкиндүү баратканын баса белгилеген: «Булардын баары азыркы режимдин иши оңунан чыкпай калганын дагы бир жолу далилдеп турат. Биз алардан коркпойбуз. Алар оппозиция биринчи жолу бирдиктүү жалгыз талапкерин алып чыкканынан коркуп жатат. Бийликти тазалоо жана дагы күчтүү Кыргызстанды куруу боюнча так, ойлонулган, реалдуу программабыз дагы аларды бүлүккө салып жатат. Алар менин шайлоочулар менен жолугушуумду үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашууда. Алар чындыктан коркот. Алар бизден коркот. Ошондуктан, алардын заманы бүттү. Мамлекет менен чиновниктер президентке эмес, карапайым калкка кызмат кылышы керек. Биз муну камсыз кыла алабыз, бул үчүн үйбүлөлүк башкарууну уратышыбыз керек. Бириксек – колдон келет!», деп аяктайт билдирүү.

XS
SM
MD
LG