Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Москва Азербайжан газын Россияга бурууда


"Набукко" долбоору
"Набукко" долбоору

Росcиянын “Газпрому” менен Азербайжандын маммунайкомпаниясы ортосунда түзүлгөн келишим - Евробиримдиктин газ булактарын диверсификациялоо аракетин татаалдатышы этимал. Президент Медведев 29-июнда Бакыга барганда кол коюлган бул келишим Кремлдин “Түштүк агымы” долбоорун кубаттандырып, ЕБнын “Nabucco” долбоору газды кайдан алат деген суроо жаратат.

Жаңы келишимге ылайык, Россия 2010-жылдын 1-январынан тартып Азербайжандан газ сатып ала баштайт. Бакудагы салтанатта келишимдин мааниси жөнүндө президент Медведев мындай деди:

- Биздин өлкөлөр энергия булактарынын ири камсыздоочулары. Биз буга дейре мунай тармагында кызматташсак, бүгүндөн тарта газ секторунда кызматташабыз. Бул башталышы эле. Бирок бул жакшы башталыш өз ара байланышты кеңейтүү жана газ тармагындагы эки жак үчүн пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнү улантуу үчүн керек.

“Газпром” менен Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы - SOCAR ортосунда түзүлгөн келишимдин мазмуну белгисиз. Бирок Россия 1-январдан баштап 500 миллион куб метр газ сатып алары жана анын көлөмү дагы көбөйтүлөрү маалымдалды. “Газпромдун” башчысы Алексей Мюллер келишим “Газпромду” Шах деңиз-2 кенинин кардарларына кошконун жана башка кардарлар менен тең шартта артыкчылык “Газпромго” берилерин билдирди. “Nabucco” баштап газды Шах деңиз-2ден алат деп мерчемделген. Анткени Шах деңиз-2 ишке киргенде 3 миң чакырым узун “Nabucco” боросу да курулуп бүтмөк.

“Газпром” былтыр эгер Баку сатам десе, бардык газды алууга даяр экенин кулак какты кылган. Ошон үчүн Россия бир күнү “Түштүк агымын” Азербайжандын жардамы менен толтуруп калышы мүмкүн деп боолгошот кээ бир серепчилер. Бирок SOCARдын өкүлү Низамеддин Гулиев 29-июнда “Газпром” менен кол коюлган келишимде Шах деңиз жөнүндө эч нерсе жазылбаганын билдирди:

- Кол коюлган келишимдин Шах деңиздин газына эч кандай тиешеси жок.

Азери өкмөтү, Гулиевдин сөзүнчө, ушу тапта башка тараптардын сунуштарын изилдөөдө жана Түркия менен сүйлөшүү уланууда.
Учурдагы план боюнча, “Nabucco” адегенде Азербайжандан 8 миллард куб метр газ алып, бирок долбоор толук ишке киргенде жылына 31 миллиард куб метр көгүлтүр отун алчу болот. Шах деңиздин кору 1, 2 триллион куб метр деп айтылап жүрөт.

Бакылык эксперт Илхам Шабан Азербайжан газы Россияга да, Евробиримдикке да жетет, бирок Биримдик аракет кылбаса, каалаган газын албай калат дейт:

- Эгер Европа кыймылдабаса, келишимден куру калат. Азербайжанда газын жалгыз Европага сатайын деген максаты жок. Мен “Газпром” сунуш жасап, келишимге жетишкен бирден бир компания экенин угуп таң калдым. Батыш компаниялары эч кандай сунуш жасашпады. “Газпром” биринчи болду.

Президенттер Медведев жана Алиев Бакыда Каспий деңизинин статусу жөнүндө да сүйлөштү. Бул маселеде Каспий боюндагы беш өлкө бир мунаса табышпаса, “Nabucco” болочокто Казакстан жана Түркмөнстандан газ албай калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG