Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Иранда мураскерлик үчүн күрөш башталдыбы?


Жогорку рахбар аятолла Али Хаменеи парламент мүчөлөрү менен жолугушууда.
Жогорку рахбар аятолла Али Хаменеи парламент мүчөлөрү менен жолугушууда.

Ислам республикасы негизделгенден бери Иран быйыл биринчи ирет өтө кысталаң кырдаалга туш келди. Ага президенттик кызматты талаштырган шайлоо себепчи болду. Бирок жакынкы аралыкта ислам республикасы мындан да кыйын кризиске кептелиши ажеп эмес. Бул азыркы аятолла Али Хаменеинин ордун ким басат, анын мураскери ким болот маселесинен келип чыгат.

Өткөн айда Тегеранда 19-июнь күнкү жуманамазда сүйлөгөн сөзүндө аятолла Али Хаменеи: "Мен бир мусаапыр пендемин... Жарым жан кишимин... Мага көрсөткөн силердин урматыңарга араң татыйм... Алардын баарын өз колума алып, революциянын жана исламдын курмандыгына жумшайм", - деп каргылданып, өз ыкыласмандарын жашытып, ыйлатып ийген эле.

Быйылкы шайлоо реформисттер менен консерваторлор ортосуна терең жик салып таштады. Ошондуктан сыркоолуу, жашы улгайып бараткан Хаменеини келечекте ким алмаштырат деген маселе Иран үчүн ушу тушта эле өтө кыйын ишке айланып калды.

Жогорку лидерди 86 кишиден турган эксперттер кеңеши шайлап,кызматтан алат. Бул кеңешти азыр Али Акбар Хошеми Рафсанжани жетектейт. Быйылкы шайлоодо ал оппозициянын лидери Мир Хоссейн Мусавини колдоду. Шайлоонун жыйынтыктарын колдогон жок, президент Махмуд Ахмединежаддын оройлугуна даттанып,аятолланын өзүнө ачык кат менен кайрылды.

2005-жылдагы шайлоодо Рафсанжани менен Ахмединежад башкы атаандаш болушкан. Тегерандын шаар башчысы болбосо жалпы калкка жарытылуу эмгеги менен деле тааныла элек Ахмединежаддын аны утуп алганы күтүүсүз окуя болгон.

Буга негизинен жогорку рахбардын уулу Можтаба Хамененин аркасы тийгенин айтып жүрүшөт. Можтаба менен Махмуд өтө жакын ашына дешет. Можтаба атасынын кеңсесин башкарат. Бул кызмат аны улуттук лидер даражасына чыгара албаганы менен бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колунда кармаган таасирдүү адамга айлантты.

Можтаба атасына караганда абдан жаалдуу жана катаң дешет. Ислам революциясынын экинчи муунуна киргени менен анын духуна жана идеалдарына абдан берилген адам.

АКШдагы ишкерлер институтунун аналитиги,теги ирандык Али Алфохенин айтымында, аятолла Хаменеи өз орудна тымызын уулун даярдап жатат деген кайбат кептер бар. Мындай каңшаар 2005-жылдагы президенттик шайлоодон кийин эле пайда болгон. Муну ошо кезде да президенттикке талапкер болгон Мехди Карруби ачык айткан,кыйыр түрдө Рафсанжани да ырастаган.

Каррубинин, маселен, Можтаба революциянын ыктыярдуу "Басиж" кошууну жана революциячыл гвардиянын башкы командири менен биргелешип, шайлоодо Рафсанжанини кулатуу үчүн Ахмединежаддын президент болушуна жетишти деп айтканы бар.

Ошол эле учурда Алфохени мындай кептердин чын-төгүнүн далилдеш абдан кыйын экенин эскертип, муну кийинки тарыхчылардын энчисине калтыруу керек деп эсептейт.

Эгер Можтабанын чын эле атасынын ордун ээлеп калуу ниети болсо, бул жагынан ал Ахмединежаддын колдоосуна үмүт кылары калетсиз. Ошондой болгон күндө деле Можтабаны жогорку рахбар кылып шайлап алуу баары бир оңой иш болбойт. Можтабанын болгону хожатолеслам деген гана диний даражасы бар,бул аятолладан төмөнкү мартаба. Анын үстүнө жалпы шийиттер арасында кеңири таанылган аброй-кадыры жок.

Можтаба "долбоорунан" тышкары консерватолордун запаста кармаган варианты болушу мүмкүн. Ошондой "план" катары саясий жорунчулар арасында шийиттер жамаатынан тышкары али аты угула элек динаятчы улуу аятолла Месбах Яздини аташат. Язди - президент Ахмединежаддын диний устаты.

XS
SM
MD
LG