Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Ооганстанда “Канжар” операциясы башталды


АКШ аскерлери Гелмандга тик учактардын коштоосунда киргизилди, 2-июль, 2009-ж.
АКШ аскерлери Гелмандга тик учактардын коштоосунда киргизилди, 2-июль, 2009-ж.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гелманд вилайетинде талиптер топтошкон аймактарда АКШнын миңдеген деңиз аскерлери катышкан уруштар жүрүп жатат. Өлкөдөгү эң кооптуу чөлкөм саналган Гелмандда апийимдин эң ири көлөмү өндүрүлөт, андан сырткары бир катар аймактар дале талиптердин колунда. Америкалык миңдеген аскерлерге ооганстандык жүздөгөн жоокерлер, полиция күчтөрү колдоо көрсөтүүдө.

Бейшембиде таңга маал жүздөгөн согуштук транспорт, техника Ооганстандын Гелманд провинциясына киргизилди, америкалык командачылык АКШ аскерлери үчүн бул Вьетнамдагы согуштан берки эң ири операция болорун айтышууда. “Канжар” деп аталган операцияга АКШлык 4000дөй, дагы 650 ооган аскери катышууда, алар Ооганстандагы бейстабилдүүлүктүн очогуна айланган чөлкөмдөгү кырдаалды тынчытып, талиптердин бийлигин тыйышы керек.

8000ден ашуун британ аскери кызмат өтөгөнүнө карабастан, Гелманд вилайети өлкөдөгү эң кооптуу чөлкөмгө айланган. Гелманд – жанкечтилердин бомба жардыруусу, апийим, героин өндүрүшү, буктурмадан кол салуулардын саны жагынан Ооганстанда алдыңкы орунда турат.

Дал ушул чөлкөмдү тынчытыш үчүн ири салгылаш баштаган АКШ аскерлерине башка да жүздөгөн кызматкерлер жардам көрсөтөөрүн Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Ян Келли билдирди. Келлинин айтымында, Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттиги - ЮСАИДдин кызматкерлери Гелмандда жалпы жагдайды жөнгө салып, элдин аң-сезимин жаңы нукка буруу максатында иш алып барышат. “Бул кошумча бөлүк Мамлекеттик департамент жана башка америкалык мекемелерден топтолгон 450дөй атайын кызматкерден турат, алар Ооганстандагы аскерлер менен ийиндеш иш алып барышат. Алардын иш-аракеттери АКШнын Кабулдагы элчилиги жана ал жердеги командачылык тарабынан координацияланат”, - деди Келли Вашингтондогу пресс-конференцияда.

Гелманддагы америкалык аскерлердин башчысы, генерал Ларри Николсон “Канжар” операциясы мурдагылардан башкача экенин, аскерлердин саны артыкча, алар улам жаңы аймактарга мурдагыдан ылдам киргизилип, бошотулган жерлерде атайын бөлүктөр калтырылып, ал жерди кайра куруп, жагдай биротоло жөнгө салынмайынча кетпей турганын айтат.

Гелманд вилайетинин акими Гулаб Мангал ооган аскерлери кандай милдет аркалаарын кошумчалады.

- Салгылаштар аяктап, аймак талиптер жана башка душмандан бошотулганда, ал жерге Ооганстандын улуттук армиясы менен полиция күчтөрү жайгаштырылат. Алар көп улуттуу күчтөрдүн колдоосу менен аймактагы коопсуздукту биротоло бекемдөө иштерин колго алат. Андан кийинки баскычта биз чөлкөмдү кайра куруу жагынан атайын программа түздүк, ошол иштер башталат.

Ошентип, бейшембиде Ооганстандын козголоңчулар уюгу саналган түштүк чөлкөмүндө кеңири аскердик операция башталып, ага удаа иш алып бара турган кайра куруу аракеттери камдалууда. Гелманддан качкан талип согушкерлери Пакистанга өтүп кетпесин деп, чек аранын аркы тарабы да катуу кайтарууга алынды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG