Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Президенттикке талапкер Т.Үмөталиева ИИМ жетекчисине кайрылды


Учурда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шайлоочулар менен жолугушуп жүргөн президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге кайрылуу жолдоп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жер-жерлердеги милиция кызматкерлери талапкерлерге коопсуздук жагынан жардам кылуунун ордуна, кайра тескерисинче бут тосушууда.

“Кызыл-Кыялыктар менен жолугушуума тоскоол кылып атышат. Имарат да беришкен жок. Базардагы эл менен жолугушайын десем, милиция бут тосууда”,- дейт президенттикке талапкер Т.Үмөталиева.

Кечээ Ош облусунун шайлоочулары менен жолугушкан талапкер бүгүн Баткенди кыдырууда. Эртең Т.Үмөталиева Кадамжай районунун шайлоочулары менен жолугушмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG