Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Президенттикке талапкерлер үгүт иштерин улантышууда


“Ак шумкар” партиясынын төрагасы, президенттикке талапкер Темир Сариев ушул тапта Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда. Эртең ал Ноокен, Араван, Аксы райондорун кыдырууну пландап жатат. Талапкердин штабынан маалымдашкандай, Жалал-Абад облусунан кийин ал Талас облусун кыдырмакчы.

Ал эми дагы бир талапкер Токтайым Үмөталиева учурда Баткен облусун кыдырып жүрөт.

Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев болсо учурда Нарын облусун кыдырууну пландап жаткан кези. Ал 7-июлда Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда, 8-июлда Нарын шаарында болмокчу.

Учурдагы президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев болсо ушул тапта Жалал-Абад облусунда жүрөт. Кечээ ал Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларында болгон.

Президенттикке талапкерлер Нурлан Мотуев менен Жеңишбек Назаралиевдер азырынча жер-жерлердеги шайлоочулар менен жолугушууга чыгышканы байкала элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG