Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Ооганстанда 16 киши уурдалды


Ооганстандын чыгышында белгисиз адамдар Бириккен Улуттар уюмунун мина менен күрөшүү боюнча агенттигинин 16 кызматкерин уурдап кетишти. Полициянын маалыматына ылайык, уурдалгандардын баардыгы ооган жарандары. Азырынча эч ким бул үчүн өзүнө жоопкерчилик ала элек. Бирок полиция бул окуяга талип жоочуларынын тийешеси болушу мүмкүн деп болжолдоодо. 4-июлда Ооганстандын түштүгүндө НАТОнун эки жоокери набыт болду. Кабарларга караганда, жоокерлер минага жарылышкан.

XS
SM
MD
LG