Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Так талашкан талапкерлер...


18-июндан бери президенттике талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүп келатат. Үгүт өнөктүгү 22-июлда, добуш берүүгө бир күн калганда аяктайт.8-июлда болсо Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү бюллетендерин региондорго ташууну баштады.

Президенттике талапкер болгон алты талапкердин ичинен Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев өлкө региондорун толук кандуу кыдырууда. Калган талапкерлер Жеңишбек Назаралиев, Токтайым Үмөталиева жана Нурлан Мотуевдин айрым региондорго чыккандыгы тууралуу маалымат бар.

Бири-бирин негизги атаандаш көргөн Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев 9-июлда шайлоочулар менен жолугушууну улантат. Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 8-июлда Нарын шаарында калк менен жолугушту.

Ал тууралуу Атамбаевдин маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаев буларды билдирди:

- Нарында беш миңден ашык киши келди. Губернатор борбордук аянтта өткөрүүгө уруксат бербей, ошого байланыштуу Тянь-Шань деген паркта өткөрүүгө аргасыз болдук. 9-июлда Жумгалда болобуз.

9-июлда “Ак жол” партиясынын талапкери Курманбек Бакиев да шайлоочулар менен жолугушууга чыгат. Анын багыты жана жолугушуулары тууралуу Курманбек Бакиевдин шайлоо штабынын маалымат кызматкери Улан Дыйканбаев буларды билдирди:


- 9-июлда президенттике талапкер Курманбек Бакиев түшкө чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз районунун шайлоочулары менен жолугушат. Жолугушуу Каракол шаарында болот. Түштөн кийин Тоң районунун жана Балыкчы шаарынын шайлоочулары менен жолугушат. Бул жолугушуу Тоң районунда өтөт.

“Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев 8-июлда Жалал-Абад облусунда жолугушуулар өткөрдү. 9-июлда Токтогулда, андан кийин Таласта шайлоочулар менен жолугушаарын Темир мырза мындайча билдирди:

- 9-июлда Токтогулда жолугушуу бар. Андан кийин Таласка чыгып кетебиз. Ошону менен Жалал-Абад облусун кыдырууну бүтөбүз.

Жеңишбек Назаралиевдин Таласта, Токтайым Үмөталиеванын Баткенде, Нурлан Мотуевдин Ош облусунда жолугушуулар уюштурганы тууралуу кабарлар бар.

Үгүт өнөктүгү учурунда маалымат каражаттарында бир талапкерге артыкчылык берилип жатканы тууралуу “Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси жарыялаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов шайлоо өнөктүгү дайыма арыз жазышуулар менен коштолуп келгенин белгилеп, буларга токтолду:

- Борбордук шайлоо комиссиясына бири-биринин үстүнөн жазгандар болуп жатат. Арыздар текшерилип жатат. Жыйында эки арыз каралып, бирок алар аныкталган жок. Эми шайлоо алдындагы үгүт иш ушундай нерселер менен коштолот экен. Аны эми канча шайлоо өткөрүп жүрүп көрүп жатабыз.

Саясат таануучу Токтогул Какчакеев Курманбек Бакиевге кошоматчылар көбөйүп, алардын аракети президенттин “Жаңы багыттына” каршы келип жатканын белгиледи:

- Кошоматчыларды көрүп жатабыз. Мына тегерегинде, жанында жүргөн акимдер, губернаторлордун баарын тең көрүп жатабыз. Сүйлөгөн сөздөрүн угуп жатабыз. Эмне десек? Эл президенттин алдында жагалданган гана нерселерди көрүп жатат. А бирок президенттин айткан жаңы багытында, кыргыз элинин жаңы рухун түптөө максаты менен жасап жаткан иштин ортосунда айырма чоң болуп жатат.

Токтогул Какчакеев талапкер Бакиев кошоматчыларга муктаж эмес экендигин белгиледи. Ал ошондой эле талапкерлер Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев жана Токтайым Үмөталиева татыктуу үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жатканын кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG