Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Ху Цзинтао мекенине кайтууга аргасыз болду


Кытайдын лидери саммиттин ачылышына да кала алган жок
Кытайдын лидери саммиттин ачылышына да кала алган жок

Кытайдын президенти Ху Цзинтао Италияга сапарын токтотуп, Шиңжаң регионундагы абалды жөнгө салуу максатында кайра мекенине кайтып келди. Шиңжаңдын борбору Үрүмчүдө кытайлар менен уйгурлар ортосунда кагылышууларды токтотуу үчүн бийликтер миңдеген аскерлерин жайгаштырды.

Үрүмчүнүн негизги көчөлөрүн миңдеген полисмендер кайтарып турушат. Жекшембидеги кагылышууларда бул жерде 156 адам өлгөнү тууралуу расмий маалымат булактары айтып чыгышкандан кийин, шаарга бир канча миң аскер жайгаштырылды. Ошол кагылышуулардан бери 1400 адам камакка алынды.

Бул чараларга карабай, Үрүмчүнүн 50 жаштагы тургуну Жиаңдын айтымында, баары бир коопсуздукту толук камсыз кылганга азыркы аскерлердин саны жетишпейт: “Эгер ишке жөнөсөң, колуңа бычак же таяк кармап алышың керек. Эч нерсе албасаң болбойт, биз азыр өзүбүздү өзүбүз коргошубуз керек болуп калды”.

Үрүмчүдө бүгүн да тополоң болгону кабарланып жатат. Кытайлар эки жерде уйгурларга кол салышканын “Ассошиэйтед пресс” агенттиги айтып чыкты. Полиция жүздөгөн хан кытайларынын демонстрациясын да таркатканы айтылууда.

Жүздөгөн кытайлар көчөгө чыгып, уйгурлардын дүкөндөрүн өрттөп киришкенде, бийликтер башаламандык андан бетер күчөбөсүн деген ойдо шейшемби күнү Үрүмчүдө комендаттык саат жарыялашты.

Уйгур аялдар күйөөлөрүн, балдарын түрмөдөн бошотууну талап кылып чыгышты
Шейшембиде эрте менен эки жүздөй уйгур полициянын камоолоруна каршы митингге чыкты. Алардын арасында аялдар көп болчу. Алар камалган күйөөлөрүнүн, балдарынын бошотулушун талап кылышты.

Шиңжаңдын борбору Үрүмчүдө, андан сырткары, Кашгар, Турпан шаарларында азыр интернет иштебей турат.

Жекшембидеги чатактын баары июндун этегинде Гуандоң деген провинциядагы оюнчук чыгарчу фабрикада уйгурлар менен кытайлар ортосунда чыккан жаңжалдын айынан тутанган. Бийликтер июндагы урушта эки уйгур набыт болгонун, 118 адам жаракат алганын айтышты.

Шиңжаңдагы тополоңду уйгурлардын дүйнөлүк конгресси уюштуруп жатат деп, аларды кытай бийликтери сындап чыгышкан эле. Конгресстин президенти Ребия Кадир муну четке какты. “Asian Wall Street Journal” басылмасына жазган комментарийинде, Ребия Кадир зомбулук үчүн эки тарапты тең айыптады.

“Азаттыктын” өзбек редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, Кадир айым чын-чынында азыр Шиңжаңдагы чатакта Кытайдын бийликтери айтып жаткандай 156 эмес, 400дөн ашуун адам набыт болгонун, 1400 адам эмес, демонстрацияга чыккандарынын жарымы камалганын билээрин айтты. Ал, ошондой эле, көчөгө чыккан кытайлардын саны да бир нече миң болгонун, аларга бийликтер атайылап уйгурларды өлтүрүшү үчүн бычактарды карматышканын билдирди.

Жагдайды жөнгө салуу үчүн Кытайдын лидери Ху Цзинтао Италияга сапарын токтотуп, кайра мекенине кайтууга аргасыз болду. Италияда бүгүн кечинде ал дүйнөнүн ири мамлекеттеринин, “чоң сегиздин”, саммитинин ачылышына катышмак.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG