Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Талапкер Алмазбек Атамбаевге Нарында ак боз ат мингизишти


7-8-9-июль күндөрү президенттикке талапкер, БЭКтин өкүлү А. Атамбаев Нарын облусун кыдырып, шайлоочулар менен жолугушту. Нарын шаарында болгон жыйында ага ак бата берип, алдыдагы шайлоодо утуп чык, деген тилек менен ак боз ат мингизишти.

Ат-Башы

А. Атамбаев Нарындагы сапарын 7-июлда Ат-Башыдан баштады. «Чатыр-Көл» кино театрынын алдында ал азыркы бийлик А. Акаевдин коррупциялашкан системасын бузгандын ордуна, кайра аны күчөтүп, абалды оорлотуп жибергенин айтты.

«Мен корксом жалгыз кудайдан корком”, - деди ал. Андан ары А.Атамбаев Кыргызстандын шартында президенттен кол тийбестик укукту алып салуу керектигин айтып, мурдагы жанга азыркы мамлекет башчылар ошол укукка жамынып алып, каалаганын жасап, элди эзип жибергенин шардана кылды:

- Эки Корея бар. Бири - Түндүк Корея. Ал жерде авторитаризм, бомба жардырам деп дүйнөнү коркутуп, бирок кайыр сурап, нан сурап, тилемчилик кылып келатат. Түштүк Кореясы болсо гүлдөп атат, гүлдөп! Анткени Түштүк Кореяда ушуну менен үчүнчү президент камалды, аларды уурусуң деп камашты. Тартип бар ал жерде, ууру болсо камаш керек, президет уурдаса аны да камаш керек, - деди талапкер.

Анан ал шайлоодо элдин берген добушун уурдаса ал дагы уурулуктун эң жаманы деп эсептелээрин белгиледи: “Элдин добушун уурдаса, элдин келечегин уурдаса - бул эмне уурулук эмеспи?! Бул - эң жаман уурулук. Шарият боюнча уурулардын колун балта менен чабат, бул ирет эл Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колун, добуш уурдагандардын колун эле эмес, башын дагы балта менен чапканга даяр.

А. Атамбаев 23-июлдагы шайлоонун жыйынтыктарын коргоп калуу үчүн жок дегенде 100 миң адамды көчөгө алып чыгууга даяр экенин кошумчалады. Ал өз добуштарын коргоп калууга атбашылыктарды да чакырды. “Эгер калпак кийин, шым кийгендердин колунан ал келбесе анда энелер, эжелер, карындаштар, сиздер чыккыла бул ирет, анткени уурулук мыйзамга да, шариятка да туура келбейт”, - деп үндөдү.

Жыйын аяктап баратканда сөз алган аксакал А.Атамбаевге ак батасын берип, башына калпак кийгизди. Анан ал элди өз добушун сатпоого, аны коргоп калууга чакырды:

- Мынабу биздин элдин ниети бузулбаса ушул, айланайындар. Жаштар жакшы, жаштар оңолуп келатат. Мына - алтымыштын тегерегиндеги шүмшүктөр барбыз, шүмшүңдөп басып келет дагы: ай, сен мага жүз сом бер, же болбосо бир бөтөлкө арак бер, анан мен сени шайлайм, деп турат. Ниетибизди оңдойлу, ниетиңерди оңдогула!

Жолугушууга келгендердин айрымдары менен сүйлөшсөк А. Атамбевге тоскоолдуктар жасалып жатканын, бийлик кысымы күч экенин айтышты:

- Мен Ат-Башыдан болом, атым Жолдошбек Бөкөнов. Мына бул кишинин программасын окудук, уктук, элдин жашоосун оңдоюн, деп атат, элдин келечеги жөнүндө, балдар жөнундө ойлонуп атат. Эми көрбөйсүзбү, бийликтин жасап атканын, тоодой тоскоолдук кылып атат. Плакаттарын айрып атат.

Ак-Талаа


7-июлда кечке жуук А.Атамбаев Ак-Талаа районунун Баетов айлына барды. Нарын шаары менен бул айылдын ортосу 3 сааттык жол болгондуктан бул жерде мындай жолугушуулар чанда гана өтөт. А. Атамбаевдин шайлоо штабынын маалыматы боюнча, эгер Ак-Талаада 3 миңдей шайлоочу болсо оппозициядан чыккан талапкер менен жолугушууга алардын эки миңдейи келген. Акталаалыктар бул алыскы, шарты оор райондо жашоо кыйын экенин, ага карабай азыркы өкмөт жөлөк пулдардын кыркып салганын айтышты. А.Атамбаев эгер шайлана турган болсо пенсия, жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө, ардагерлердин жашоосун жакшыртууга сөз берди. Жолугушуу аягында жергиликтүү бир аял “Бизге белгилүү адамдар өтө аз келет, атургай шайлоо кампаниялары маалында да бизди эстеп коюшпайт, бизди унутпай келип койгонуңузга ырахмат”, - деген ыраазылыгын билдирди.

Нарын шаары

А. Атамбаевдин андан аркы сапары 8-июлда эртең менен Нарын шаарында уланды. Чогулгандар аны «Атамбаев! Атамбаев!» деген ураан менен тосуп алышты. Өз сөзүн талапкер Кыргыз-Кытай чек арасындагы акыркы окуялар менен баштады:

- Мурда күнү (6-июлда – ред.) Ат-Башы эли, билесиңер, жолду тоскон. Анткени Торугарттагы бажыкананы 60 чакырым бери көздөй, эч кимге айтпай, Коргон-Ташка жылдырып койгон. 60 чакырм бул - Бишкек менен Токмоктун ортосу. Эч кимге билгизбей акырын жылдырып коюп, биздин жерибизди берип атышкан экен, кечээтен баштап Кытай курулушчулары бери жактагы Коргон-Таштагы бажы өткөөл жайын кайрадан буза баштаптыр. Бирок бул бийлик калсаал кайрадан сатат, ишенип койгулга буга.

Ал ошондой эле Кытайга кеткен Yзөнгү-Кууш, Казактарга берилди делген Каркыра жайлоосу тууралуу да кеп козгоду: “Эгерде, кудай буюрса, президент болсом, мен ойлоп атам, Нуракеге өмүр берсин, ага чейин аман турса ушул Назарбаевге барып, Каркыраны да кайра сурайм. Анткени Каркыра бул жөн эле жер эмес, Каркыра – бул кыргыздын руху, анын тарыхы.

А. Атамбаев патриоттук сезимдин ыйыктыгын андан ары Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына тургузулган айкелдерге байланыштуу улантты:

- Путин менен Медведев (Москвадагы)Кызыл аянтка Адольф Гитлердин эстелигин коёт беле?! Биздикилер болсо “Ала-Тоо” майданына Манасты өлтүргөн Коңурбайдын эстелигин койбодубу.


Буга чейин белгилүү болгондой, Бишкек шаар бийлиги “Ала-Тоо” аянтын кайра жасалгалап, “Манас” эпосундагы терс каармандардын дагы айкелдерин орноткон болчу. Нааразылыктар айтыла баштаганда шаар бийлиги аны кайра алууга аргасыз болгон, мэр Н.Түлөев орун басарларына сөгүш жарыялаган.

А. Атамбаев үй-бүлөлүк башкаруу темасын бул ирет да улантты. Ал премьер-министр боулп турганда, бир ирет бул иштин түбү жакшылакка алып барбасын К.Бакиевдин өзүнө дагы айтканын эске салды:

- Мен бул сөздүн баарын (К.Бакиевге – ред.) айтып көрдүм, бир жолу сурадым жекеме-жеке отурганда: “байке дечүмүн (К.Бакиев – ред.), байке, менин сөзүмө кантип чыдайсын, деп. Анан ал мага айтты: “Алмаз, сенин “койнуңда котур ташың жок” экен, бетиме айтасың баардыгын, башкалар жанымда отурганда прьемер болуп, менин үстүмдөн компромат чогултаар эле, деп. Бирок ал (К.Бакиев- ред.) мамлекетти башкарганга жарабайт, үй-бүлөөсүн башкара албагандан кийин жарабайт.

А. Атамбаев Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Субаналиев тууралуу жылуу пикирин айтты, анын ою боюнча, Ө. Субаналиевдин орду губернаторлукта эмес, ички иштер министрлигинде эле:

- Силердин жигитиңер адам экен, бирок бул баланын деле орду бул жер эмес болчу. Бул бала милицияда иштеп атканда криминал башын көтөрбөй калган. Азыр болсо криминал башын көтөрүп, депутатты тоокту өлтүргөндөй эле өлтүрүп атат. Бирок ыйманы бар экен, рахмат айтайын. Ак үй башкача түшүнүп эми (Ө.Субаналиевди – ред.) иштен алып койбосун.

А. Атамбаев Нарында дагы элди өз добушуңарды өзүңөр айылдарда сактап бергиле, деп кайрылды. Ошондон кийин Нарындагы шайлоочулардын атынан талапкерге жеңишке жет, деген ак бата берилип, ак боз ат мингизишти.

- СДПКнын мүчөсүмүн, эки курултайдын делегатымын, мен Чет-Нура айылынан келдим, - деди өзүн Токторбек Баатырканов деп тааныштырган адам ак боз атты тапшырып атып, - Менин 90догу энем бар, ошо кишинин каалоосун айтып коёюн. Урматтуу Алмаз балам, сага кааларым Манас атаңдай кайраттуу бол, Кошой атаңдай балбан бол, Бакай атаңдай акылман бол, ушул Ак куланы минип, элиңди жыйна!, деп бата берди, бата берип коёлу, Оомийин!

Ак боз ат миндирген учурда эл кайрадан “Атамбаев” деп ураан чакырып турду. Талапкердин өзү болсо ак иштеп берүүгө сөз берди:

-Элим, мени да угуп койгула. Биринчиден, чоң рахмат! Экинчиден, аксакалдар айтып кетпедиби “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт!” деп. Ушул мени уудан да, октон да сактап аткан сиздердин бата, элдин батасы, анан Кудай! Ушул Кудайдын алдында айтам, элдин алдында айтам, президент болсом беш жыл кул катары иштеп берем. Антпесем кудай урсун! Бар болгула.

Элдин пикири

Нарындагы жолугушууга келгендерге микрофон сунуп, пикир топтодук:

- Биз эми чакырылбай эле келдик кандай болот экен деп. КТР кээде айтып атат 300 киши келди деп, 200 киши келди деп. Кечинде КТРден көрөбүз го.

- Мен Абдырахманов Халил болом, пенсионермин он беш жылдан бери. Айткан сөзүнө караганда мунуку (А.Атамбаев - ред) жакшы экен, кээ бир программаларын туура деп түшүндүм, жанагы президенттик мөөнөт беш жылдык дегени туура, андан кийин кыйын болсо эл өзү эле сыйлап алат.

- Мен Дүйшекеев Кылычбекмин, Кара-Чий айылынан жолугушууга келгенбиз, көңүлгө толду айткандары, ушуга салабыз.

Атын атагысы келбеген мамлекеттик кызматкер А.Атамбаевге сын айтты, анын пикири боюнча талапкер өз платформасы тууралуу аз айтты:

- Бул жерде платформасы айтылган жок. Негизги өзөктүү темасы ошол да, талапкердин платформасы айтылыш керек да, ошол айтылган жок.

Башка бир кыз болсо азыркы президент К. Бакиевдин өтөөрү жок, ал дагы иштесин деди:

- Менин атым Нуриля, жолугушуу буюрса жакшы болуп атат, бирок А. Атамбаев башта деле ушундай сөздөрдү айткан болчу. Премьер-министр болуп иштеп жүргөндө деле ушундай иштесе болмок. Бирок, К.Бакиевди деле жайына койсо К.Бакиев деле жакшы президент, Бакиев эле өтсө жакшы болот, деп ойлойм.

Ал эми Эркин аттуу шайлоочуну бүгүнкү жолугушуу анын эсинде өзгөчө сакталып калаарын айтты

- Менин атым Эркин. Көп эле депутаттардын, президенттердин жоолугушусуна катышып келгенбиз. Бирок мага А.Атамбаевдин жакканы эгер президент болуп өтүп калсам, беш жыл бою кул болуп иштеп берем деген сөзү болду. Программасы жакшы. Бир да талапкер мурда ушундай сөздөрдү айткан эмес.

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Нарындагы сапары бүгүн Жумгал районунда уланды.

А. Атамбаевдин Нарындагы жолугушуулары
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

XS
SM
MD
LG