Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

БШК талапкер Алмазбек Атамбаевдин өкүлүнүн арызын карады


БШКдан билдиришкендей, Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Азамат Акматов “Ачык саясат” гезитинин мурдагы редактору, талапкер Темир Сариевдин өкүлү Бабырбек Жээнбековдун эки жергиликтүү басылмаларга берген макалаларына карата БШКга доо арыз менен кайрылган. Ал басылмаларда Бабырбек Жээнбеков “Ачык саясат” гезитинин жабылышына Атамбаевдин тиешеси бар экенин, талапкер Алмазбек Атамбаев тарабынан анын өмүрүнө коркунуч келтирилип жатканын айткан интервьюсу жарык көргөн. БШКнын бүгүнкү жыйынында, Алмазбек Атамбаевдин өкүлүАзамат Акматов Бабырбек Жээнбековду талапкер Темир Сариевдин өкүлү экендигин белгилеп, үгүт маалында анын мындай макалаларынын жарык көрүшүнө карата БШК баа берүүсү керектигин билдирген. БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин маалыматында, арыз 2-июль күнү түшкөн. БШК аны изилдеп көрүп, тергөөнү талап кылган маселелердин болгондугуна байланыштуу Башкы прокуратурага жолдоду. (AzK)

XS
SM
MD
LG