Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Евробиримдик Борбор Азиядагы көйгөйлөрдү талкуулайт


Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев кечээ Евробиримдиктин делегаттары менен жолукту. Делегаттарды учурда аталган биримдикке төрагалык кылып жаткан Швециянын Тышкы иштер министрлигиндеги департамент жетекчиси Ян Ниберг баштап келген. Анда тараптар биримдик менен Кыргызстандын кызматташуусун, коопсуздук, террорчулук, маңзаттарга каршы күрөшүү, Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Ян Ниберг Швеция өкмөтүнүн приоритеттүү багыттары тууралуу маалымат берди. Брюсселде 15-16-сентябрь күндөрү өтчү Евробиримдик үчилтигинин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери деңгээлиндеги жыйынга К. Сарбаевди чакырды. Анда Борбор Азиядагы каржы каатчылыгы, коопсуздук, мыйзамсыз миграция, айлана-чөйрөнү коргоо жана энергетика сыяктуу олутуу маселелер талкууланаарын билдирди. Бул тууралуу ТИМден кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG