Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Ооганстандын ак илбирси коргоого алынды


Ооганстандын ак илбирси
Ооганстандын ак илбирси

Ooганстанда согуш биротоло токтобой, саясий стабилдүүлүк орной элек болсо да, өлкөнүн табигый мурастарын коргоо жаатында айрым жылыштар жок эмес. Быйыл жазда Ооганстандагы эң алгачкы улуттук парк ачылды. Айлана-чөйрөнү коргоо эрежелеринин ишке ашырылышын кепилдөө кыйын болсо да, экологдор бара-бара бул эрежелер сакталат деп үмүттөнүшүүдө.

Ооганстандын табигаты жана биологиялык ар түрдүүлүгү ондогон жылдардан берки согуштан жана бир нече жылга созулган кургакчылыктан катуу жапа тартып калды.

Инфраструктуранын чалдыбары чыкты, миллиондогон адамдар үй-жайсыз калып, чет өлкөлөргө ооп кетти, жакырчылык колкодон алып, мыйзамдуулукту камсыз кылуу структуралары кыйрап калган. Бул кырдаалдар өлкөнүн жаратылыш байлыктарынын таланышына жана айыл-чарбасына жарамдуу жерлердин деградациясына алып келди.

Петер Залер Нью-Йорктогу Жапайы Жаратылышты коргоо коомунун Азия боюнча директорунун орун басары. Ал Ооганстандагы бейкуттуктун келечеги өлкөнүн жаратылыш байлыктарына сарамжалдуу мамилеге түздөн-түз көз каранды деп эсептейт:

- Ооганстанда калктын 80 пайызы, дыйкандар, койчулар жана башкалар күн көрүш үчүн жаратылыш ресурстарына көз каранды. Ошондуктан айлана-чөйрөнүн кедери кеткен сайын аларга, бала-чакасына жан сакташ кыйындайт.

Ооганстандын жаратылыш мурастарын сактап калуу үчүн Жапайы Жаратылышты Коргоо коому Ооганстандын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине аң уулоодон, түшүмүн жыйноодон жана соода кылуудан корголгон жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн 33 түрүн аныктоого жардам берди.

Өткөн айда жарыяланган тизмеде илбирс өңдөнгөн 20 сүт эмүүчү, жети чымчык, сакер бүркүтү, төрт өсүмдүк, бир балык, кескелдириктин бир түрү, бир курт-кумурска бар.

Бул тизме убагында жарыяланды, анткени президенттин Ооганстанда аң уулоого тыю салган жардыгы март айында мөөнөтү бүткөн эле.

Аткезчилер жандыктардын терисин, мүйүзүн сатып соода кылышат. Мисалы, илбирстин териси 1,500 доллардан сатылышы мүмкүн. Залер алармандардын арасында Ооганстандагы гумжардам кызматкерлери жана чет элдик аскерлер да бар экендигин белгилейт.

Жаратылыш мурасын коргоодо Ооганстан апрель айында да маанилүү кадамга барып, өлкөнүн борбордук Бамян өрөөнүндө алты көлү бар аймакты улуттук парк деп жарыялады.

Мында маркор деп аталган жапайы эчкинин түрлөрү ушунча азайып кеткендиктен, аны издеп аңчылар коңшулаш Тажикстандын аймагына чейин кирип келген учурлар кездешет. Бул тууралуу Тажистандын Хатлон областынын Сурообоб районунун өкмөт башчысынын орун басары Исломшо Шоев Азаттыкка буларды билдирди:

- Даштийум атындагы корголгон аймак райондун түштүгүндө жайгашкан. Бул - Ооганстан менен чек арада. Куралчан оогандар бул аймакка кирип келип, сейрек айбанаттарды атышат. Алар миңдеген чакырым келген корголгон аймакта кенен-кесири жүрүшөт, токойчулар аларды токтото албайт.

Абанын, суунун жана жердин булганышынан улам Банд-э-Амир паркында жапайы жаныбарлар дээрлик жоголуп кеткен, бирок мында бүгүн да сибир сур эчкилери, ооган койлору, Ооганстанда гана кездешүүчү куштун түрлөрү кездешет.

XS
SM
MD
LG