Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Грузин жана абхаз өкүлдөрү былтыркы согуштан бери биринчи ирет жолукту


Жолугушууда эки ортодогу чыңалуунун деңгээлин басаңдатуу максатында коопсуздук чаралары талкууланган. Жыйын Грузия жикчил чөлкөмү катары санаган Абхазиянын Гали районунда өттү. Бул Орусия менен Грузиянын ортосунда Түштүк Осетиядан улам былтыр августта болгон согуштан бери тараптардын биринчи ирет кездешүүсү болду.

Бул аралыкта АКШнын аскерий кемеси кечээ Грузиянын Кара деңиз жээгиндеги Батуми портуна токтоду. Ракеталарды талкалоого жөндөмдүү кеме бүгүн жана эртең Грузиянын жээк кайтаруу кызматы менен Кара деңзде өтүүчү аскерий машыгууларга катышары күтүлүүдө. Американын аскерий кемесинин сапары Грузияга колдоо көргөзүү катары каралып жатат.

XS
SM
MD
LG