Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Британ өкмөтү ооган саясатын коргоого мажбур


2005-жылдагы террордук чабуулда көз жумган 52 кишиге өткөн аптада Лондондогу Хайд паркта эскерүү мемориалы ачылды.
2005-жылдагы террордук чабуулда көз жумган 52 кишиге өткөн аптада Лондондогу Хайд паркта эскерүү мемориалы ачылды.

Ооган жаңжалында курман болгон британ аскерлеринин саны улам көбөйгөн сайын, Британияда премьер-министр Гордон Браундун өкмөтүнө ачуу сын күч алууда. Акыркы 10 күндүн ичинде алыскы Ооганстанда 15 британ аскеринин өмүрү кыйылып, бул өлкөдөгү Британиянын жалпы жоготуусу 184 адамга жетти.

Ооганстанда бир күндө өлүм болгон сегиз британ аскеринин сөөгү ушул шейшембиде алынып кетти.

Өлкөдө азыр Британиянын 9 миң колу турат. Алар талибдердин таасири айрыкча күчтүү болгон түштүктөгү Хелманд провинциясында жайгашкан. Бирок британ аскерлерине талибдерди сүрүп чыгарган аймактарды коргоо айрыкча кыйынчылыкты түзүүдө, себеби талибдер чабуул болгондо ың-жыңсыз жоголуп кетип, британ аскерлери базасына кайтып кетээри менен кайра келип алышат.

АКШнын президенти Барак Обаманын жаңы күжүрмөн саясатынын негизинде Хелмандда британ аскерлерине кошумча миңдеген америкалык атайын күчтөр келип кошулууда. Аскерлерди көбөйтүү канчалык майнаптуу болоорун айтуу азырынча татаал, анын аралыгында, Лондондо өкмөт башчысы Гордон Браун ар тараптан сынга кабылууда. Ал жакында парламенттин төмөнкү палатасына кайрылып, Ооганстанда кала берүүнүн зарылдыгына басым жасады:

- Жай өтө татаал болду, бул мезгил дагы бүтө элек, бирок эгер биз талибдерди Хелмандга жолотпосок, бул канкор козголоңду жеңе турганыбыз, ошону менен Британияда да, дүйнөдө да бейкуттукту бекемдөөгө салым кошоорубуз чын болсо, биз Ооганстанда катуу турушубуз керек. Биздин мында турганыбыз туура деп эсептейм, планыбыз терең ойлонулган, зарыл ресурстарыбыз бар.

Браун британ өкмөтү ооган өнөктүгүн каржылоону эки эсеге көбөйткөнүн эскертти. Оппозиция лидери Давид Камерон британ аскерлеринин Ооганстанда кала беришинин зарылдыгын баса белгиледи, ошол эле мезгилде алардын жабдуусун жакшыртуу кечиктирилгис иш экендигин мындайча баяндады:

- Биздин Ооганстандагы аскерлерибизде жетиштүү тикучма да жок экендиги чатак иш. Өкмөт мындай маселелерди тез арада чечиши керек.

Британиянын коргонуу катчысы Боб Енсуорс өкмөттүн саясатын коргоп, Ооганстанда бетме-бет кагылыштар басымдуулук кылгандыктан, оор техниканы же тикучмаларды колдонуу кыйын экендигин билдирди.

Гордон Браун буга чейин Ооганстандагы британ күчтөрүнүн башчылары талиб согушкерлерине каршы согушта жеңип жатышкандыгын билдирген эле. Ал Британиянын Ооганстанда аскер кармашын терроризмдин британ көчөлөрүнө кайтып келишине жол бербөө зарылчылыгы менен түшүндүргөн. Анын сөзү боюнча, Британиянын көздөгөнү Ооганстан менен Пакистанды террордук уюшмалардан арылтуу, бул өлкөлөрдөгү шайланма өкмөттөрдү талибдерден коргоо жана кирешесин козголоңчулар пайдаланган героин аткезчилиги менен күрөшүү болуп саналат.

Бирок бардык эле анализчилер бул пикирге кошулбайт. "Файнэншиэл Таймс" гезитинде ушул дүйшөмбүдөгү макаласында Филип Стефенс Батыш Ооганстанда жеңилүүгө жол бербеши керек экендигин жазды. «Бул согуш кадыресе согуш эмес, талибдердин жеңишине жол бербесек, ошол да чоң утуш болот» деген көз карашын ортого салат баяндамачы.

XS
SM
MD
LG