Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Э.Каптагаевди ким сабады?


“Улуу биримдик” партиясынын лидери, Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Э.Каптагаев 20-июнда аны белгисиз адамдар катуу сабап кеткени боюнча билдирүү жасап, ага же анын жакындарына карата “кыянаттык иш жасалса аны уюштургандар президент К.Бакиев менен жакындары гана болот”,-деп жарыялады.

“Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев маалымат жыйынында өткөн айдын жыйырмасы түнү аны белгисиз адамдар катуу сабап, денеси көгала болуп, мээси чайкалып, эки кабыргасы сынганын айтты.


-Шайлоо жакындаган сайын бийликтин зордугу-зомбулугу күчөп баратат.Алар жан талашып бийликти сактап калуу максатында кандай гана чарага бара тургандыгын ачык эле билдире башташты. Анын далили катарында 20-июнда мени белгисиз бирөөлөр уурдап кетишип, алардын арасында бирөө милиция формасында болчу. Мени сабап ачык талаага таштап кетишкен. Бул факт.Баары документтелген. Сүрөткө тартылып, медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы бар.

Эмил Каптагаев 20-июнь түнү сабалгандын эртесинде бети-башы күпчөктөй болуп шишиген, денеси көгала болгон жерлери тартылган сүрөттү көрсөттү. "Ошол учурда укук коргоо кызматтарына эмне үчүн кайрылган эмессиз?"-деген суроого анын жообу төмөндөгүдөй болду.

-Мен ал күндөрү укук коргоо органдарына кайрылган жокмун. Анткени мен аларга ишенбейм. Алар кылмышкерлерди издөөнүн ордуна мени күнүгө чакырып, бирдеме сурап, тактап прокуратурага же коопсуздук комитетинде бир ай боюу жүрмөкмүн. Өзүмдүн түз милдетим катары Алмаз Атамбаевдин шайлоо компаниясына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырамакмын. Мына ошол себептен үчүн мен милицияга дагы барган жокмун. Укук коргоо органдарына дагы айткан жокмун.

Эмил Каптагаев эмне себептен азыр коомчулукка жарыялап жатканын мындайча сыпаттады.

-Андан кийин алар, мен токтобой эле эл менен жолугушуп иштеп жатканымды көрүп, жакында 13-июль түнү 59-61-47 номурлуу телефон менен бир киши чалып эскертти “баягы түнү аз болуп калдыбы? Керек болсо өлтүрүп коебуз. Тытабыз. Жок кылабыз. Ата-энеңди жок кылабыз. Балдарыңды жок кылабыз”, деген сөздөр айтылды.

Э.Капатагаевдин пикиринде телефон номуру ачыктан-ачык туруп, коркутууга барган адамдын артында таянар “тоосу”, колдогон “кожосу” болгондугу үчүн эч нерседен тайманбай ушундай ыпылас ишке барууда.

Бул телефон чалуудан кийин мени уурдап, сабап кетүүнү азыркы бийлик уюштургандыгы ачык эле болуп калды”,-дейт Каптагаев.

“Улуу биримдиктин” лидери азыркы режим менен ачык эле күрөшүп келгенин, мындан ары дагы эл жеңишке жеткенче күрөшө бере тургандыгын билдирип, бей ажал өлүмдөн коркпостугун айтты.

-Эгерде мен. Же менин жакындарым кандайдыр бир кырсыкка учураса. Же жакындарыма же мага карата кандайдыр бир зордук-зомбулук болсо, “муну Бакиев же анын бир-туугандары же болбосо анын балдары жасады”,-деп ачык эле айтам. Ошолордун колунан келе турган иш. Анткени акыркы телефон сүйлөшүүдө бийлик, бийликке каршы күрөш жөнүндө болуп жатат. Мен коркпойм. Өлүмдөн коркпойм. Баары кудайдын колунда. Кудай маңдайга жазса, чалынып жыгылып деле өлүп калат киши. Дагы кайталаймын. Эгер Бакиевдер мага жамандык кылып же менин бир туугандарыма кысым көрсөтүп алып, анан көлдүн жээгинде тайраңдап бизнес кылып жүрө беребиз десе жаңылышат

Э.Каптагаев Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Солнышко” менен “Витьяз” эс алуу пансионаттары президенттин уулу Максим Бакиевге таандык экенин, анын ичинде эмнелер болуп жатканын билерин айтып, анын Чок-Тал айылындагы туугандары убагы келгенде Бакиевдерден сурап аларын кошумчалады.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов БЭКтин мүчөсү Эмил Каптагаевдин бийликке карата койгон дооматтарында негиз жок дейт.

-Оппозиция өкүлдөрүнүн жасап жаткан жарыяларын, бул шайлоо компаниясынын ичиндеги саясий технологиялык ыкма катары баалайм. Менин оюмча оппозиция шайлоодон жеңилерин билип кандайдыр бир шылтоо таап, чыр чыгарууга жасап жаткан аракеттери окшойт. Анан эмне үчүн Э.Каптагаев прокуратурага кайрылбайт. Мен ал кишин уурдап кеткени же урганы, сабаганы тууралуу таптакыр эле күмөнүм бар, -деди Алмас Турдумаматов.

БЭКтин активдүү мүчөсү Исмаил Исаков дагы ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга караганда “Исаковду баш кылып оппозициялык маанайдагы саясатчылар Азимбек Бекназаров, Бакыт Бешимов, Өмүрбек Текебаевди ууландырып же авто кырсык аркылуу жок кылуу боюнча бийликтин планы бар»,-дейт.

Анын айтымында, жакында БЭК мүчөлөрүнүн шайлоо алдындагы Ак босого жаңы конушундагы жолугушууда, тогуз жаштагы бала келип алардын коопсузудугуна тынчсыздангандыгын билдирген.

-Тогуз жаштагы кичинекей бала Өмүрбек Текебаевге келип, «байкелер кетип эле калыңыздар бул жерден. Биз сиздерди толугу менен эле колдойбуз. Мобул жерде бир топ жигиттер жүрөт сиздердин артыңыздардан бычак саябыз деп. Мен азыр эле аларды көрдүм»,-деп айтты. Мындай артыбыздан түшүү күнүгө эле болуп жатат. Эгерде кокустуктан бирөөнүн үй-бүлөсүнө же өзүнө ушундай боло турган болсо, анда биз түздөн-түз Бакиевди жана анын үй-бүлөсү жасады дегенге толук мүмкүнчүлүгүбүз дагы бар, акыбыз дагы бар. «Сактансаң кудай сактайт» дегендей ошолорго жол бербегенге аракеттерди биз дагы көрүп жатабыз. Бирок бүгүнкү турмушта кайсы жерден эмне ичип-жеп коеруңду, кайсы жерде эмнени алып келип коерун билбейсиң. Жолдору абдан көп. Анын үстүнө алардын колунда азыркы бийлик, милиция, коопсуздук кызматы, финполиция, бүт укук коргоо органдары иштеп жатышкандан кийин мунун барын азыркы бийлик уюштурду деп айтууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Исмаил Исаковдун пикирин улаган Эмил Каптагаев 20-июнь күнү Жалал-Абадта шайлоо алдындагы үгүт иштери менен жүргөн кезинде президенттикке БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев нервдик-шал кылуучу уу менен уулантылгандыгын билдирди. Мына ошонун айынан Атамбаевдин сүйлөө жана өзүн алып жүрүү жөндөмү бузулган, дейт.

«Ушундан кийин шайлоочулар менен жолугушууну бийликчил, атайын даярдалган журналисттер видео-тасмаларга тартып алып, Улуттук теле канал аркылуу ага каршы колдонушкан»,-дейт Каптагаев. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев ошол уулануудан кийин алигиче толук өзүнө келе элек.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов болсо БЭКтин мүчөлөрү Эмил Каптагаев менен Исмаил Искаковдун билдирүүсүндө негиз жоктугун, алар айтып жаткан окуялар боюнча укук коргоо органдарына расмий арыз менен кайрылса тартип коргоо кызматы же прокуратура тарабынан кандайдыр бир чара көрүлөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG