Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШ Мамкатчысы Индияда


Хиллари Клинтон Делиде студенттер менен жолугушууда. 20-июн, 2009-жыл.
Хиллари Клинтон Делиде студенттер менен жолугушууда. 20-июн, 2009-жыл.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Индиянын жетекчилери менен жолугушуп, тараптар орток алакалар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кошмо Шттаттары менен Индия бир топ жылдардан бери жылуу мамиледе, бирок Кансыз согуштун мезгилиндеги обочолонуунун салдары дагы деле бар. Хиллари Клинтон дал ушул алыстыкты жакындатып, эки тарапты дагы ымалаштыруу максатында Нью-Делиге аттанган.

Индияга келгенде ал студент, мугалимдер менен жолугушууда эки өлкө Голливуд жана Боливуд фильмдеринин аркасы менен түптөлгөн бир тараптуу түшүнүктөрдөн баш тартышы керектигин белгиледи.

Анын Индия менен жылуу мамилени сактап калуу далалаты айлана-чөйрө министри Жайрам Рамеш менен жолукканда айрыкча даана байкалды. Жер абасын ысыткан газдарды чектөө маселелесинде Рамеш мамкатчыга терс жооп кайтарды. Клинтон терикпестен Индияга түшүнүү менен мамиле кылаарын мындайча айтты:

- Өнүгүп келаткан жана өнүккөн өлкөлөрдүн суроо-талаптары жана жоопкерчиликтери ар башка экендигин эске алган глобалдык система түзүү тапшырмасы турат. Мен Индия сыяктуу өлкөлөрдүн тынчсыздануусун түшүнөм да, аларга макулмун. Кошмо Штаттары Жерди ысыткан газдарды эң көп чыгарган өлкө болуп келген, ошондуктан табигатты тазалап, булганч газдардын кесепетин жоюнун эң оор милдети да бизде болуш керек.

Рамеш «киши башына эсептегенде Индия абаны эң аз булгаган өлкө болгондуктан, аны мындай заттарды азайтууга кысым көрсөткөн жарабайт» деди.

Бүгүн Клинтон өкмөт башчысы Сингх менен жолугуп, башка маселелердин арасында терроризм менен күрөштү талкуулады:

- Терроризм, экстремизм менен күрөш - биздин алдыбыздагы эң көйгөйлүү маселе. Өзүңөр деле уккандырсыңар, 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын мезгилинде мен Нью-Йоркто сенатор болчумун. Мен ал окуялардын өз башыман өткөргөм.

Индия 175 кишинин өмүрүн алган Мумбайдагы террордук кол салуу үчүн Пакистанды айыптаган. Бирок Клинтон Исламабад өкмөтү бүгүн экстремизмге каршы жаңыча күч-кайрат менен күрөшүп жатат деп ырастады.

Клинтон Нью-Делиде Индияны америкалык жогорку технологиялык куралдар тууралуу маалыматты эч бир башка тарапка бербөөгө милдеттендирген коопсуздук келишимге кол коет деп күтүлүүдө. Мындай келишим Индияга АКШдан алдыңкы куралдар системаларын сатып алууга жол ачмакчы. Индиянын бул жааттагы азыркы башкы шериги Орусия экени маалым. АКШнын коргонуу компаниялары бул макулдашууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Эки ортодо ошондой эле америкалык өзөктүк кубат компанияларына Индияда электр кубатын иштеп чыгаруучу реакторлорду курушуна жол ачуучу келишимге кол коюшат. Тизмеде стратегиялык кызматташттыкты бекемдөө тууралуу документ да бар.

Тараптар Иранды да сөз кылышат болуш керек. Клинтон индиялык сыналгыга талылуу маселелерде Индия өкмөтүнүн эмне себептен Тегеранга жан тартуу менен мамиле кылаарын билгиси келээрин айтты.

XS
SM
MD
LG