Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Ооганстанда шайлоо алдында кырдаал курчуду


Ооганстан: Герат шаарында полиция эки шектүү жанкечтини кабарчыларга көргөздү. 22-июль, 2009-ж.
Ооганстан: Герат шаарында полиция эки шектүү жанкечтини кабарчыларга көргөздү. 22-июль, 2009-ж.

Кырдаал курчушунан улам батышта 8 жылдан берки согуш жемиш бербеген соң, козголоңчулар менен элдешүү керектир деген сөздөр айтыла баштады.

Ушул айда Ооганстанда каза болгон чет элдик аскерлер саны - 2001-жылы талиптерге каршы согуш башталгандан берки эң жогорку чекке жетти.

20-августтагы президенттик шайлоо жакындаган сайын, Ооганстанда соңку бир ай ичинде 55 чет элдик аскердин өмүрү кыйылып, талиптерге каршы согуш башталгандан берки эң чыгашалуу мезгилге айланды. АКШ армиясы Ооганстандын түндүк-батыш тарабында кеңейтилген аскердик операция баштагандан берки 3 жума ичинде 31 жоокерин жоготту. Батыш өлкөлөрүндө 8 жылдан берки уруштар бейпилдик алып келбеген соң, куралдуу эрегиштен баш тартып, башка жолдорду издөө керектир деген сөздөр көбүрөөк айтыла баштады.

25 жылдан бери Улуттар уюму менен Евробиримдикте ооган маселелери менен алектешип келаткан Томас Руттиг кырдаалды жөнгө салыш үчүн куралдын күчүнө ишене бербей, Ооганстандын өзүндөгү ички көйгөйлөрдү терең изилдеп, козголоңчулардын табият-талабын эске алуу зарыл деген пикирин айтат.

- Баарынан башкысы – ооган өкмөтү менен эл аралык кызыкдар тараптар бирдиктүү стратегия иштеп чыгып, биринчиден, сүйлөшүүлөр уюштуруп, экинчиден, узагыраак убакыт алса да, коомчулуктун ириңдеген жарааттарын айыктыруу жолдорун издесе болмок. Сүйлөшүүлөр Ооганстандагы кандуу урушту токтотуу жолдорун талкуулашы керек. Менимче, ооган калкынын жүрөгүн өйүгөн 2-3 оор маселенин жок дегенде бири чечилет эле.

Томас Руттигдин бул айткандарын бирок, Батыштык бардык саясатчылар эле колдой бербейт. 15-июль күнү Вашингтондогу Тышкы мамилелер боюнча Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүү өткөрүү мүмкүндүгүн четке каккан жок, бирок негизги максат ал-каидачылар менен талиптерди толугу менен жок кылуу экенин кошумчалады.

- Биз жакынкы өнөктөштөрүбүз менен бирге Ооганстанда согушуп жатканыбыздын себеби – талиптер "Ал-Каида" уюмун калкалап, анын колдоосуна ишенет. Башкача айтканда, "Ал-Каиданы" жок кылыш үчүн биз "Талибанды" багындырышыбыз керек. Бирок, биз эми "Талибан" тараптагылардын баары эле "Ал-Каиданы" колдой бербээрин түшүндүк. Ошондуктан ооган өкмөтү жана биз - "Ал-Каиданы" жектеп, куралын таштап, Оогастандын баш мыйзамына ылайык эркин жана ачык коом курууга катышкысы келген "Талибан" жактоочуларын кабыл алууга даяр экенибизди билдирдик.

Эксперттер Ооганстанда курал көтөрүп, өкмөткө, эл аралык күчтөргө каршы согушуп жаткан козголоңчулардын баарын эле "Талибан", же "Ал-Каидага" кошо берген болбойт, кризис андан кыйла терең - ооган өкмөтү өлкө аймагын бүтүндөй башкара албай, ар кайсы жерде өзүн өзү билген кол башчылар бийлиги өкүм сүрүп, алардын кээ бирлери Кабулга баш ийбеш үчүн күрөшүп жатканын эскертишет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG