Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

СДПнын тарапкерлери тарашты


БЭКтин лидерлери шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин, ал боюнча мыйзамдуу иш аракеттерди көрүп, эл аралык коомчулук менен жолугушуп эки күндөн кийин кандай кадамдарга барышары тууралуу билдиришерин жарыялаган соң, Бишкектеги СДПнын штабы жайгашкан “Форум” ишканасынын жанына кечке маал митингке чогулган (СДПнын айтымында 3 миңге чукул, байкоочулардын баамында 1 миңден ашуун) адамдар тарап кетишти. Оппозиция лидерлери жарым түндө кандайдыр бир чагымдар болуп кетиши мүмкүн деген кооптонууларын айтышып, сабырдуулукка, тукурукка алдырбоого чакырды. Элди таратып жатып СДПнын лидери А.Атамбаев шайлоону тааныбай тургандыгын баса белгилеп,“күрөш али алдыда” деди.

Бийлик тараптагы саясий күчтөр “жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, оппозиция шайлоодон утуларын билип, митинг уюштуруп ушундай кадамга барды деп эсептешүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG