Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Түрк бийлиги “күрттөр маселесин” чече алабы?


Түркия чейрек кылымдан бери өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагындагы негизинен күрттөр байырлаган жикчил “Күрт жумушчулар” партиясы менен күрөшүп келүүдө. Бул маселе Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүккө өтүүсүнө жолтоо болгон себептердин бири. Расмий Анкара жакын арада бул маселеге чекит коюу үчүн жаңы демилге сунуш кылары күтүлүүдө.

Түркия кошуналары менен мамилелерин оңдоп, тышкы саясатын жаңы багытта жүргүзүп, аймактагы таасирдүүлүгүн кыйла бекемдеп алды. Эми түрк бийлиги өлкөнүн көйгөйлүү маселелеринин бирин чечүү максатында маанилүү кадам таштаган жатат.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл май айында “40 миңге жакын кишинин өмүрүнүн кыйылуусуна себеп болгон согушка чекит коюу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүгү пайда болду” деп айтты. Ошондон кийин өкмөт өлкөдөгү улутчул маанайдагы чөйрөлөрдүн каарын кетирүү ыктымалына карабастан, мурда миң уктаса да түшкө кирбей турган демилгелерди сунуш кыла турганын билдирди.

Евробиримдикке мүчө болуу үчүн талап кылынган реформалардын алкагында премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү ансыз деле кийинки жылдардын ичинде күрттөрдүн эне тилде сүйлөө, өз тилдеринде үналгы-сыналгы берүүлөрүн уюштуруу өңдүү бир катар эркиндиктерин кеңейтти.

Эл аралык коомчулук да Эрдогандын чырагына май тамызып, мурдатан күрттөр менен мунасага келүү түрк мамлекетинин түбүнө жетет деп, аларга ар кандай жеңилдиктерди берүү каршы болгон чөйрөлөр, анын ичинде армия турумун өзгөрттү. Армиянын штабынын жетекчиси, генерал Илкер Башбугдун айтымында, “күрт маселесин” бир гана аскердик чаралар менен чечүү мүмкүн эмес. “Маданий жана коомдук чараларды да ишке тартуу зарыл болгонун моюнга алыш керек” деди генерал.

1984-жылы Түркиядан бөлүнүп өз алдынча мамлекет куруу максатында согуш баштаган “Күрт жумушчулар” партиясы түрк армиясынын чечкиндүү аскердик операцияларынын натыйжасында кыйла алсыраган абалда жана жакында эле сентябрга чейин согуштук аракеттерин токтотту.

Уюмдун мындай чечими Сирия, Иран жана Ирак өңдүү кошуна өлкөлөрдүн Анкаранын турумун колдой баштоосу Түркияга шыкак болду. Күрт жикчилеринин абакта отурган лидери Абдулла Өжалан билдирүү жасап, күрт маселесин чечүү үчүн 15-августта жол картасын сунуш кыларын айтты. Бул билдирүү расмий Анкаранын шаштысын кетирди. Өкмөт демилгени Өжаланга алдырбоо үчүн жакын арада өзүнүн жол картасын жарыялай турганын билдирди. Премьер-министр Эрдоган буларды айтты:

- Бул маселе тууралуу бардык мамлекеттик мекемелер менен өз ара кеңешип, өкмөт жакын арада өзүнүн жаңы демилгеси менен тең бөлүшөт.

XS
SM
MD
LG