Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Медведев тажиктерге электр жарыгын алып келди


Сангтуда ГЭСинин көрүнүшү
Сангтуда ГЭСинин көрүнүшү

Президент Д. Медведев жума күнү Тажикстандагы Сангтуда-1 ГЭСин салтанаттуу ачты. Бул курулушка Москва жарым млрд. доллар инвестиция салган.

Сангтуда-1 ГЭСин курууга Орусия 500 миллион доллар сарптаган. Ал Тажикстандын электр өндүрүшүнүн 12 пайызын чыгарат. Ачылыш салтанатынан алдыңкы күнү Медведев Ооганстанда жана коңшулаш өлкөлөрдө экономиканын өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзө турган энергетикалык жана ташуу долбоорлорун көбөйтүүгө чакырды:

- Бизде энергетика, жол сыяктуу ар кыл долбоорлор менен толтуруу үчүн мейкиндик бар. Биз аймактык сооданы өнүктүрүп, инвестицияга жагымдуу шарт түзүүнү ойлошубуз керек. Ушундай аракеттер менен гана аймакта ондогон жылдардан бери топтолгон көйгөйлөрдү чече алабыз. Биз аларды мында жашаган көп сандаган элдин жашоосун жакшыртуу менен гана чече алабыз.

Солдон оңго - Зардари, Рахмон, Медведев жана Карзай Дүйшөмбү калаасында, 30-июл
Медведев Дүйшөмбү калаасында Ооганстандын, Пакистандын жана Тажикстандын президенттери менен жолугушууда сүйлөдү.

Президенттер исламчыл согушкерлердин зордук-зомбулугуна каршы күрөштү координациялоого макулдашкан. Ооганстандын президенти Хамид Карзай, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жана тажик президенти Эмомали Рахмон сүйлөшүүдө башкы басым коопсуздук маселелерине жасалганын бышыкташты, бирок бул багыттагы иштер тууралуу кеңири маалымат беришкен жок.

Дүйшөмбүдөгү соңку жардырууларга байланыштуу, жыйындын коопсуздугу айрыкча күчөтүлдү. Президенттердин сүйлөшүүсү жүрүп жаткан мезгилде шаарда полиция машинасы жардырылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бейшембинин кечиндеги жардырууда бир тартип коргоочу жараат алды.

XS
SM
MD
LG