Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Өзбекстан ислам кыймылы баш көтөрө баштадыбы?


Өзбекстан ислам кыймылынын Пакистандагы машыгуу лагери. Датасы белгисиз
Өзбекстан ислам кыймылынын Пакистандагы машыгуу лагери. Датасы белгисиз

Бейрасмий бул кыймылдын жоокерлери мемиреп тынч жаткан Фергана өрөөнүнө мындан туура он жыл мурда алгач ирет бүлгүн салган эле.

1999-жылы, жайдын чилдесинде, июлдун эң акыркы күндөрү – августтун башында Кыргызстандын Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылына “сакалчандар” кол салганы чак түштө чагылган ургандай эле окуя болгон. Ал күндөрү Өзбекстан ислам кыймылы деген уюмду көпчүлүк жокчулук-каатчылыктын айынан Ооганстандык экстремисттерге кошулуп кеткен чакан топ деп түшүнгөн.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон ири теракттарга чейин Кыргызстанга, ага удаа Өзбекстанга кол салган “сакалчандарга” көп маани берилбей келсе, Америка Ооганстанда антитеррористтик кампания баштагандан тарта Өзбекстан ислам кыймылынын жоокерлери Ал-Каида, Талибан тарапта салгылашып жатканы кабарлана баштады. 2001-жылдын аягында Ооганстандагы майданда Өзбекстан ислам кыймылынын аскербашчысы Жума Намангани каза тапканы маалымдалды. Ага удаа уюмдун жаңы жетекчиси Тахир Юлдаш жоокерлери менен Пакистанга кире качканы айтылды.

Пакистандык журналист жана регионалдык эксперт Ахмед Рашид азыркы кезде Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү Борбордук жана Түштүк Азияга чачырап, катары кеңейгенин айтат.

- Менимче, 2001-жылы Пакистандын уруучул батыш аймактарына кире качканда, Өзбекстан ислам кыймылынын бир нече жүздөй гана согушкери бар болсо, азыр алардын саны 4-5 миңге жетип калды. Алар өз торун Ооганстандан Борбор Азияга чейин жая алышты, Иран, Түркмөнстан аркылуу ары-бери каттап отуруп. 2005-жылы Анжияндагы кандуу окуялардан кийин алар президент Каримовдун бийлигинен кутула качкан миңдеген жаш өзбектерди өз катарына тарта алды.

2004-жылдын башында исламабаддык маалымат каражаттары Тахир Кары (Тахир Юлдаштын шакирттери арасындагы ысымы ушундай) өз согушкерлери менен Пакистан армиясына каршы согушуп жатканы кабарланган.

Согушкерлер арасындагы байланыштарды көптөн бери иликтеп келаткан Ахмед Рашид Борбор Азиялык куралчан топтордун ал-каидачы жана талиптер менен, ошондой эле өз ара мамилелери татаал экенин, Пакистанда соңку кездери антитеррордук операция күч алганына байланыштуу алар эми жаңы жайыт издей башташы мүмкүн экенин айтат.

- Балким, жакында согушкерлер Борбор Азияда баш көтөрө башташы мүмкүн. Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстанда турмуш кыйындап, жумушсуздук күчөп, мигранттар акча таппай кайра үйүнө кайта баштаганы аларга олжо болуп бериши ыктымал.

Рашид айткандай эле, быйыл кеч жаздан тарта Анжиян облусунда жаңы кол салуулар болуп, аларга тиешеси бар деп шектелген 12 киши ушул күндөрү Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү катары соттолууда. Кыргыз бийликтери соңку бир ай ичинде түштүк региондо 18 шектүү согушкер кармалганын билдиришти. Тажикстандын ички иштер министрлиги Тавил-Дарыя облусунда Өзбекстан ислам кыймылынын 11 согушкери жок кылынып, 20сы кармалганын 5-август күнү жарыялады.

Баткен окуясына 10 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG