Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Тегеран Батыштын сынын четке какты


Тегеран “тыш өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө” туруштук берет деп билдирди. Батыш демонстранттардын үстүнөн өтүп жаткан сот процесстерин сынга алган эле. Ирандын тышкы мекемесинин маалымат катчысы Хасан Кашкави Батыштын сыны “таң калычтуу жана мыйзамсыз” деди. АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райс июнь шайлоосунун жыйынтыктарына наарызылык билдирип чыккан демонстранттардын сотун “көрсөтмө процесс” деп сыпаттаган. Британия жана Франция Тегерандагы элчиликтеринде иштеген жеригиликтүү кызматкерлердин камакка алынышын жана соттолушун айыпташкан.

XS
SM
MD
LG