Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Кыргызстандын жаза өтөө мекемелеринде жагдай турукташты


Бул тууралуу жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Сергей Сидоров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында 10-августта бир нече жаза жайларында башталган ачкачылык акциясы 13-августта токтоду. Акциянын катышуучулары 14-колониянын жаңы жетекчиси Курама Назарбековду кызматтан кетирүү талабын койгон. Назарбеков аталган колониядагы жаңжалдан кийин жаңы дайындалган. 18-июлда колония ичинде чатак чыгып, айыпкер Самат Заитов мерт болгон. Окуяга байланыштуу 18 жашка толгон 12 айыпталуучу башка түрмөлөргө, баш аламандык уюштурду деп кылмыш иши козголгон 6 айыпталуучу тергөө абагына, дагы 6 айыпталуучу жаза изоляторуна которулган. Сидоров ачкачылык акциясы 18-июлдагы жаңжалды алакчылоо максатында уюштурулушу мүмкүн деп болжойт. Укук коргоочулар бул акциянын чыгуу себебин түрмөлөрдө адам укуктарынын тепселип жаткандыгы менен байланыштырышууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG