Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

Жалал-Абат: Башкаруу реформасына ишеним аз


Жалал-Абаттыктар бийликте реформа болооруна көздөрү жетпейт. Анткени бийликте экс-президенттин доорунда иштегендер тамырлап алган.

Жогорку бийликте мамлекеттик башкаруу тармагында реформа жүргүзүү тууралуу сөз жүргөнү менен карапайым жарандар анын үзүрлүү болооруна үмүт кылышпайт. Жалал-Абат шаарынын тургуну Азизанын көз карашы менен алганда бардык тармактарда бийликтин көрсөтмөсү менен иштеп, ага кызмат кылган жана өз ой- пикирин ачык айтуудан тартынган кексе адамдар толуп алган. Башкаруу уюмдарына жаш адистердин тартылышы канааттандырбайт. Кесибине жараша жумуш таба албаган билимдүү жаштардын көпчүлүгү Казакстан менен Россияга, алардан да идиректүүлөрү алыскы чет өлкөлөрдө иштөөгө аргасыз болушууда.

Президент шайлоодон кийин элге жасаган кайрылуусунда мамлекетттик башкаруу уюмдарында реформа жасаары жөнүндө кеп кылганы менен аны кантип ишке ашыруунун жол- жоболорун ачык айтпады. Быйыл балдар жана жаштар жылы деп жарыяланганы менен президенттик шайлоодон башка кайсы саясий иш-чара өткөнү бүдөмүк:

-Азыр мамлекеттик башкарууларда көбүнчө эле СССР убагындагы улуу адамдарыбыз иштеп атат. Жаштардын тартылуусу өтө эле аз. Жаштарга мүмкүнчүлүк жок, адистиги боюнча иш табыш өтө кыйын. Жыштар жогорку окуу жайларды бүтүп алып, чет мамлекеттерде иштеп жүрөт. Саясатка кызыккан жаштар өтө көп, бирок аларды тарткан адам аз. Ал үчүн чара колдонуш керек,
– деп эсептейт Азиза.

Замира Акматова мамлекеттик башкаруу кызматы тургай, жогорку окуу жайынан алган адистигине жараша бир нече мекеме-уюмдарга барса да, орун табалбаганы менен ал мекемелерде иштегендерден азыр жумушка орношуу өтө кымбатка тураарын уккан.

Аксы районундагы Жаңы-Жол айлынан ардагер Мурат Кадырбеков бийлик экс – президенттин тушунда иштегендерден кутулмайынча башкаруу тармагында жаңылануу болооруна ишенбейт Мурда деле бийликте өзгөрүү жасалат деген убадалар аткарылган жок:

-Элди алдап атат. Кылам деген иштеринин бирин да аткарбады. Структуралуу өзгөрүүлөр болот деди, алардын бирин да жазаган жок. Туура сөз айтып акыйкат сүйлөсөң, куугунтукка алат. Туура эмес ишти фактылары менен айтылып кетти. Жанагыдай алдабасын, кошоматчыларын жок кылсын, кошоматчыларын жок кылсын, жеп-ичкендерин кетирсин, структураларын өзгөртсүн.

«Ак жол» партиясынын облустагы жаштар комитетинин төрагасы Майрамбек Адылбековдун белгилешинче, коомчулукта бийликте пенсия курагындагы адамдар иштөөдө деген түшүнүк калыптанган. Бирок мамлекеттик бийликке 34- 36 жаштагы адамдар кошулганын вице- премьерлик кызматта отурган Ө. Бабанов, комитеттер менен бөлүмдөрдүн башчылары, кала берсе, партиянын парламенттик фракциясындагы жаш депутаттар төгүнгө чыгарбас.

Президенттин шайлоо алдындагы Таш-Көмүр, Кочкор-Ата жана Жалал-Абат шаарларындагы жолугушууларында мурда экономикалык реформага көңүл бурулса, мындан ары мамлекеттик бийлик тармагы кайра курулаары тууралу жар салганы чын. Бирок ал убадаңды аткар деп дароо алкымдан алуу да туура эмес. Ырас, бийлик уюмдарына жаштар тегиз тартылган жок. Анын себеби жаштардын бүгүнкү талаптарга дал келерлик тажрыйбасы аздыгына байланыштуу:

-Массалык түрдө бүгүнкү күндө мамлекеттик бийликке тартуу жок. Себеби биринчиден, мамлекеттик бийлик системасын реформалоо эми башталат. Биз реформанын жыйынтыгы менен көп жаштар мамлекет бийлигинен келет деген үмүттөбүз. Өздөрүнүн тажрыйбасы, билим деңгээлин рынок экономикалык талапка жетишээрликсиз. Бирок мен баардыгы андай деп айтпайм. Бүгүнкү күндө билимдүү, илимдүү, тажрыйбалуу жаштар бар. Сынактын жыйынтыгы менен ошол жаштарды тартуу гана зарыл болуп турат,-деди Майрамбек Адылбеков.


XS
SM
MD
LG