Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Ооганстандагы согуш тез жана жеңил болбойт


Ооганстанда Талибан жана “ал-Каида” менен согуш тез жана жеңил болбоору жөнүндө АКШ президенти Барак Обама айтты. Ал согуш ардагерлеринин Финикс шаарындагы курултайында сүйлөгөн учурунда Ооганстандагы согушту “тандоонун эмес, зарылдыктын согушу” деп мүнөздөдү жана америкалыктар үчүн анын фундаменталдык мааниси бар экендигин белгиледи. Обаманын пикиринде, АКШны жаңы террордук чабуулдардан коргоо үчүн америкалык аскерлердин Ооганстанда туруусу зарыл. Ал эми Ирактагы кырдаалга токтолгондо Барак Обама ирактыктардын өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу жоопкерчилигин өзүнө өткөрүп алуу менен бейжазык өмүрлөрдү кыйган жаңы кол салуулар орун алуусу мүмкүн экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG