Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Ооганстанда бүгүн шайлоо


Оогандыктар бүгүн өлкөнүн жаңы президентин жана 34 аймактагы жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрүн шайлашат. Мамлекет башчысы болуу үчүн отуздан ашуун киши атаандашууда, алардын ичинен өлкөнү соңку сегиз жылдан бери башкарып келаткан Хамид Карзай башкы талапкер аталууда.

Президенттиктен дама кылгандар адегенде 41ге жеткен эле,бирок иргелип отуруп 32 талапкер калды, алардан арасында эки аял бар.
Шайлоо алдындагы коомдук пикирдин соңку көрсөткүчтөрүнө таянган байкоочулар Хамид Карзайдын добуштардын 45 проценттен ашыгын аларын, экинчи орунга тажик тайпасынын колдоосуна таянган Абдулла Абдулла чыгарын болжолдоп жатышат. Калган талапкерлер алардан кыйла артта калышы ыктымал дешет.

Кокус талапкерлердин эч кимиси 50 проценттен ашык добуш алалбаса, анда алдыдагы эки айдын ичинде шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

Ооганстанда биринчи президенттик шайлоо 2004-жылы болгон. Карзайга он жети атаандаш чыгып, алардын баарын биринчи турда эле 55 проценттен ашык добуш менен утуп алган. Шайлоону Улуттар Уюму көзөмөлдөгөн.

Быйылкы өнөктүктү улуттук көз карандысыз шайлоо комиссиясы уюштурду. Отуз үч миллиондон ашуун оогандыктардын 17 миллиону шайлоочу болуп катталды. Айрым талапкерлер жана маалымат каражаттары каттоо баракчалары баш аламан таратылганын, аларды саткан учурлар болгонун айтышты. Бүгүн шайлоочулар дал ошол баракчаларын көрсөтүп добуш беришет.

Жалпы өлкө боюнча 7 миңден ашуун шайлоо жайлары уюштурулду, бирок алардын 500дөйү коопсуздук жүйөөсүнөн улам бүгүн ачылбайт. Калган аймактардагы добуштардын баары кол менен саналат, бул иш 2-сентябрга чейин созулушу мүмкүн. Анын эртеси шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыгарылат, добуштардын ырасмий натыйжалары 17-сентябрда жарыяланат.

Бүгүнкү шайлоонун коопсуздугун камсыз кылууга ооган армиясы менен эл аралык контингенттен үч жүз миңдей аскер тартылды. Өзгөчө талиптер активдүүлүк кылган аймактарда кошумча чаралар көрүлдү. Шайлоо алдындагы жалпы жагдайды аскери өкүлдөр негизинен бир топ опурталдуу деп баалап жатышат.

"Кабулда бардык автомашиналарды текшерип, мыйзамсыз курал-жарактардын баарын опуздап алып жатабыз. Шайлоо күнү эч кандай кыянатчылыкка жол бергибиз келбейт",-деп билдирди шаардык полициянын өкүлү.

Бүгүн өлкөнүн 34 провинциясында да жергиликтүү кеңештерге 420 депутат шайланат. Мандат талашкандар саны үч миңден ашат,алардын үч жүздөн көбүрөөгү аялдар.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык 450 байкоочу көз салат,алардан тышкары бул ишке жергиликтүү 4,5 миң байкоочу катышат.

Ооганстан: Шайлоонун сыноосу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

XS
SM
MD
LG