Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Ооганстан: Шайлоо негизинен тынч өттү


Шайлоочулар добушканага кирүү үчүн текшерүүдөн өтүүдө. Герат, 20-август, 2009-жыл
Шайлоочулар добушканага кирүү үчүн текшерүүдөн өтүүдө. Герат, 20-август, 2009-жыл

Ооган полициясы шайлоо негизинен тынч өткөнүн билдиргени менен, бир нече аймактарда согушкерлер менен кагылышуулар, ракета соккулары, жардыруулар болгону маалымдалууда.

Улуттар уюмунун Кабулдагы өкүлү Алим Сыдык шайлоочулардын катышуусун оң баалады. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен да өнөктүктүн жүрүшү үмүт жаратат деген оюн билдирди. Анын айтымында, талиптердин коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабай, бүгүн мурда болжолдонгондон көп добушкана ачылды.

Эркин шайлоо ассоциациясынын байкоочусу Ихал Суприади шайлоого жолтоо болууга аракеттенген күчтөр жөнүндө буларды айтат:

- Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы өнөктүктү мүмкүн болушунча жакшы уюштуруп, жүргүзүүгө аракет көрүүдө. Бирок бул жердеги жалпы кырдаал жана өкмөткө каршы күрөшкөн уюшмалар, алар экстремисттер деп атаган топтор же Талибандын коркутуулары шайлоо жараянына өз залкасын тийгизүүдө.

Ооган полициясы жана бийлик өкүлдөрү бүгүнкү шайлоо негизинен тынч өткөнүн билдиришкени менен, бир нече аймактарда согушкерлер менен кагылышуулар, ракета соккулары, жардыруулар болгону маалымдалууда. Түндүктөгү Баглан шаарында полиция менен согушкерлер ортосундагы кармаш маалында 22 жоочунун жок кылынганы кабарланды. Талиптер көптөн бери эле шайлоону үзгүлтүккө учуратарын эскертип, өткөн жумада бир нече ири кол салууну ишке ашырган.

Шайлоо күнү коопсуздукту камсыздоого 300 миңдей чет өлкөлүк жана жергиликтүү жоокер тартылды. Бирок талиптер көзөмөлдөгөн 9 чөлкөмдө добуш берүү уюштурулган жок.

Көз карандысыз шайлоо коммиссиясынын маалыматына ылайык, өлкө аймагы боюнча жалпы жонунан 6 жарым миңдей шайлоо участкалары ачылган.

Салыштырмалуу тынч деп эсептелген түндүк аймактардан келген кабарларга караганда, кээ бир добушканаларда шайлоочулар өз тандоосун билдирүү үчүн кезек күтүп турушту.

Кабулдун тургуну Амина Разоли шайлоо участкасына келгенин мындайча түшүндүрдү:

- Мен биздин коом үчүн, анын алга жылышы үчүн добуш берип жатам. Келечегибизди тандоо үчүн добуш бериш керек. Биздин бул укугубузду эч ким талаша албайт.

Азыркы мамлекет башчы Карзайдын президенттик жарышты жеңүү мүмкүнчүлүктөрү жогору бааланууда. Бирок биринчи эле айлампада жеңишти камсыздоо үчүн ал добуштардын жок дегенде 50 процентин жана 1 добуш алууга тийиш. Карзайдын негизги атаандашы катары мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла аталууда. Мурдагы пландоо министри Рамзан Башардост жана финансы мекемесинин мурдагы жетекчиси Ашраф Гани Ахмедзай да бир топ добуш чогулта алышат деп күтүлүүдө.

Президенттен тышкары бүгүн оогандар 34 вилайеттин жергиликтүү кеңешине өкүлдөрдү да шайлашты.

Бюллетендерди саноо 2-сентябрга чейин уланмакчы. Алгачкы расмий жыйынтыктар анын эртеси, 3-сентябрда соңку жыйынтыктар болсо 17-сентябрда жарыяланат деп күтүлүүдө. Президенттик орун үчүн ат салышкандардын бири да жеңиш үчүн жетиштүү сандагы добуш ала албаса, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

Ооганстан: Шайлоонун сыноосу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

XS
SM
MD
LG