Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

Иракта кырдаал кыйындай баштады


Багдад -- Тышкы иштер министрлиги жайгашкан имаратта да бомба жарылды.
Багдад -- Тышкы иштер министрлиги жайгашкан имаратта да бомба жарылды.

Соңку күндөрү Багдаддын өзүндө эле бери дегенде алты ирет бомба жарылды, жүздөн ашуун адам мерт кетти, миңге жакын киши жарадар болду.

Вашингтондо Пентагондун өкүлү ырастагандай, эгер ирак бийликтери жардам сурап кайрылса, америкалык аскерлер кайрадан Багдадга жана башка коогалуу шаарларга киргенге даяр турат. Мындай шарт АКШ менен Ирак өкмөтү түзгөн Коопсуздук келишиминде каралган.

Бирок ирак жетекчилери мындай сунушту четке кагышты. "Америкалык аскерлерди кайрадан шаарларга киргизүүнү өкмөттөн талап кылбайбыз,-деп билдирди "Азаттыктын" кабарчысына парламенттин коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Фалах Хассан. – Алар болгону жагдайды абадан көзөмөлдөгөнгө,медициналык жактан жардамдаша алышат. Калган милдеттердин баарын ирак күчтөрү өздөрү аткарат".

Парламент комитети кырдаалды иликтеп,козголоңчуларга каршы күрөштү күчөтүү үчүн улуттук коопсуздук боюнча Саясий кеңешке бир катар чараларды сунуш кылды. Жалпы жагдайды талкуулаганы парламент алдыдагы аптанын биринчи күндөрүндө чукул жыйын өткөргөнү жатат.

Соңку окуялардан улам коомчулукта өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жалпы кырдаалды көзөмөлдөй аларына күмөн санаган маанай күч алды. Быйыл июнда бардык шаарлардан америкалык аскерлер чыгарылып, ирактыктар муну улуттук эгемендигин кайра өз колуна алган окуя катары белгилешкен эле.

Жаңы жылдын башталышында өлкөдө жалпы элдик шайлоо өткөрүлөт,ал премьер Нури ал-Малики жана анын өкмөтү үчүн чечүүчү сыноо болот. Кокус коопсуздук жагдайы жакшырбаса, башка да талаштуу маселелер чечилбесе, келерки январда өкмөт калктын колдоосунан кол жууп калышы ыктымал. Ошол себептен ал-Малики өкмөт кырдаалды өз күчү менен жөнгө сала аларына ирактыктарды ынантып, ишенткенге аракет кылууда.

"Ирактыктарга ич ара жик салып жаткан негизги маселелер – мунай кендерин,аймактарды жана бийликти бөлүштүрүү сыяктуу башкы проблемалар жогорку чөйрөдө бир жаңсыл чечилмейинче өлкөдө кооп-козголоң токтошу кыйын",-дейт Эл аралык кризис тобунун эксперти Жуст Хилтерман.

Хилтерман ирак өкмөтү америкалыктарды жардамга чакырбайт, мындай болгондо ал-Маликиге калктын ишеними кайтат деп эсептейт. Эң кыйын шарт түзүлүп,айласы калбай калганда гана ал-Малики ушундай кадамга барышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG