Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Петровка окуясынын күнөөкөрү жазасын алды


Петровка айлынын тургуну, 4 жашар кызды зордуктады жана анын таянеси Ольга Ещенкону өлтүрдү деп айыпталган күрт улутундагы жигит Абдулла Осмоновду Москва райондук соту 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

А. Осмоновдун 4 жашар кызды зордуктаганы жана анын таянесин өлтүргөнү белгилүү болсо да эч кандай жазасыз ачыкта жүргөнүнө кыжырданган Петровка айлынын тургундары 26-апрелде тополоң чыгарышып, күрт улутундагы элдин айылдан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Бул окуянын натыйжасында А. Осмонов камакка алынып, ага байланыштуу ишке кайдыгер мамиле жасаганы үчүн Москва райондук ИИБнүн жетекчиси, райондук прокурор жана аким кызматынан алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG