Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Президент жаңы өзгөрүүлөр кандай болоорун жарыялады


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Жогорку Кеңеште башкаруу системасын реформалоо боюнча билдирүү жасады.

Президент Курманбек Бакиев билдирүүсүнүн башында эле "парламент таратылат экен деген" имиш кептерди четкен кагып, парламент таркатылбастыгын, ага эч кандай негиз жоктугун билдирди.

Ал өз сөзүндө өлкөдөгү жеке көйгөйлөрдү чечүү үчүн реформалар зарыл болуп турганын, биринчи көйгөй – коомдук пикирде улуттук жана мамлекеттик идеологиянын жоктугу экенин айтты:

- Бүгүн бул маселеде ачыктык жок. Бийлик менен оппозиция демократия, адам укуктары, рынок экономикасы, салттарды сактоо, күчтүү мамлекет, улуттук мүдөөлөр жана башкалар тууралу көп эле айтып келатышат. Бирок булардын баарын мамлекеттик бир бүтүн организмге бириктирүү өтө эле татаал. Батыштын шаблондорун жана бөтөн үлгүлөрдү сокурлук менен көчүрүүдөн да эч пайда жок.

Президент ошондой эле көйгөйдү чечүүдө жаңы нерсе менен эски салттардын акылга сыярлык теңсалмагына таянуу керектигин, бизде болсо бүгүн тилекке каршы, бийлик структуралары тарабынан орун алган көйгөйлөр көбүнесе жашырылып, экинчи жагынан оппозициянын жана бейөкмөт уюмдардын олуттуу сын айтканы токтобой жатканын, ал сын Батыш коомдору тарабынан башка саясый жана социалдык жагдайлар үчүн иштелип чыккан абстрактуу түшүнүктөргө таянганына токтолду.

Курманбек Бакиев Советтер Союзунун кулашынын кесепеттеринин аң-сезимде жана мамлекеттик түзүлүштө алигиче жоюлбай калып калганын жана коомду жана мамлекетти куруучу кадрларды даярдоо системасынын жоктугун негизги көйгөйлөр катары көргөздү.

Президент өлкөнүн башкаруу системасын, экономиканы, маданиятты жана адамдын кудурет-күчүн кайра өндүрүү системасын реформалоо зарылдыгын айтты.

- Президенттин институтунун алкагында эки жаңы структура – Жогорку курултай жана Президенттик кеңешме түзүлмөкчү. Кыргызстандын Жогорку курултайы – бул Президенттин алдындагы кеңешүүчү орган болуп, ага өлкөбүздүн аймактык, конфессиялык жана этно-маданий жамааттары кирмекчи. Президенттик кеңешме ар кандай кызыкчылыктагы топтордун – жаштардын, бизнестин, жалданма эмгектин, агрардык жана өнөржай комплексинин жана башкалардын тынымсыз диалогунун жана өз ара теңсалмагынын аянтчасы болуп калат.

Курманбек Бакиев мамлекеттик катчы кызматы жоюларын, президенттин администрациясы өзгөртүлөрүн, айрым агенттиктер кыскартыларын, президенттин катчылыгы өлкө башчысынын коомчулук алдындагы ишмердиги үчүн жооп берерин да учкай айтып өттү.

- Реформаларды өткөрүү үчүн Жогорку Кеңештин компетенциясына ылайык Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Өзгөртүүлөр боюнча сунуштар жакын арада сиздердин карооңуздарга берилет.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан депутат Рашид Тагаев президенттин демилгеси реалдуу ишке ашып, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болот деген ишенимде.

Айрым саясат талдоочулар, “Курманбек Бакиевдин башкаруу системасын реформалоосу президенттик бийлигин эки эсе күчөтүп, супер-президенттик башкарууга алып барат”,-деген пикирин билдиришүүдө.

И.Арабаев атындагы университеттин ага окутуучусу, эл аралык мамилелер боюнча адис,саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиевдин көз карашында башкаруу системасын өзгөртүү боюнча президент сунуштаган долбоор ишке ашуусу күмөн.

- Кыргыз мамлекетинин өнүгүп кетиши үчүн “косметикалык ремонт” жетишсиз. Биздин проблема тээ түпкүрдө жатат. Саясий көз
карашта, маданиятта жана менталитетте анын үстүнө ар кандай “ооруларда” жатат. Азыр коррупция, тааныш аркылуу, клан аркылуу профессионалдуулугу жок катмарлар өсүп жатат. Ошондуктан президент азыр сунуш кылып жаткан “косметикалык” өзгөрүүлөр өнүгүүгө алып барат деген туура эмес. Мындай дүйнөлүк тажрыйбада болгон эмес.

Аскарбек Мамбеталиев белгилегендей, илимий жактан алып караганда калыпка салынып калган, өзүн прогрессивдүү катары далилдеген демократия системасы гана өлкөнү өнүгүү жолуна алып барат.

- Демократия системасы менен жүрсө анда өнүгөт. Бул деген батыштыкы дагы эмес, чыгыштыкы дагы эмес, бул бүткүл адамзаттын тарыхында болуп келген жана өзүн-өзү далилдеген демократиялык система. Экинчи система - бул авторитардык система. Бул Орто Азияда, ЕвроАзия, Орусияда басымдуулук кылат. Буга баарыбыз эле күбө болуп жатпайбызбы. Эгерде кимдир бирөө демократияны батыштыкы-чыгыштыкы дей турган болсо ал саясат таанууну билбейт же саясат илимдерди билбеген караңгы сокур киши деп эсептесе болот. Азыр өнүккөн 21-кылымда бүткүл адамзатка дүйнөдө бир эле жол бар, ал - демократия,
- деди Аскарбек Мамбеталиев

Коомдук ишмер, экономист Айылчы Сарыбаевдин көз карашында, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгында кыскартуулар болуп, айрым агенттиктер менен бири-бирин кайталама структуралар жоюлса бүджеттен каражат үнөмдөлүп, алардан экономдолгон каражатты билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына жумшаса натыйжалуу болот.

XS
SM
MD
LG