Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Иран кайрадан "алтылыктын" талкуусунда


Тегеран -- Ирандын ырасмий өкүлү Саид Жалили "алтылыкка" жаңы сунуштар камдалып жатканын билдирди.
Тегеран -- Ирандын ырасмий өкүлү Саид Жалили "алтылыкка" жаңы сунуштар камдалып жатканын билдирди.

Франкфуртка жакын жерде эл аралык "алтылык" кайрадан Ирандын атом программасын талкуулоого киришти. Тегеран аларга жаңы сунуштардын топтомун камдап жатат.

Ирандын атом программасына байланыштуу "алтылыкка" Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү – АКШ, Британия, Кытай, Россия жана Франциядан тышкары Германия кирет.

Өткөн айдын этегинде немец канцлери Ангела Меркель "алтылыктын" алдыдагы пландары тууралуу кеп кылып, эгер сентябрга чейин Ирандан оңчулуктуу жооп болбосо Тегеранга каршы энергетика жана финансы тармагында жаңы жазаналарды колдонуу маселеси карала турганын эскерткен.

Франкфуртта консултациялардын кезектеги айлампасы алчылар алдында Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин жетекчиси Саид Жалили Тегеран эң ири державалар менен сүйлөшүүлөрдү улантканга даяр экенин ырастап, бул проблемада сунуштардын "жаңыланган" тизмеси камдалып жатканын маалымдады. Бирок алардын мазмуну тууралуу иран өкүлү эчтеме айткан жок.

Вашингтондо мамлекеттик департаменттин ырасмий өкүлү Иэн Келли ирандыктардын мындай ыкласы тууралуу америкалыктар азырынча кабарсыз экенин бышыктады.

"Биз эч кандай жаңы сунуштарды көрө элекпиз, ошондой эле 5+1дин апрелдеги сунуштарына да эч кандай жооп алган жокпуз",-деп айтты Келли. Ал ошондой эле Вашингтон "Ирандын маанилүү ар кандай сунушуна жооп бергенге даяр экенин, "алтылыктын" мурдагы сунуштары да күчүндө каларын" кошумчалады.

Өткөн айда МАГАТЭ Коопсуздук Кеңешинде кезектеги жашыруун доклад таркатты. Анда Иран өзүнүн Арактагы аскерий ишканасына эл аралык инспекторлорду киргизгени, уран байытуу үчүн зарыл болгон заттарды өндүрүү арымын төмөндөткөнү ырасталды. Буга катарлаш Тегеран баштагыдай эле МАГАТЭ менен ар тараптуу кызматташуудан баш тартып жатканы да бышыкталды.

Франкфурттагы жолугушууда Иранга кошумча кандай жазаналарды салса болору, мындан ары жасала турган кадамдар макулдашылат.

Алдыдагы төрт аптада да бул проблема бир катар жыйындардын башкы темасы болгону турат. Иран маселеси адегенде МАГАТЭнин Венадагы сессиясында, андан соң "Чоң жыйырманын" Питсбургда боло турган саммитинде, акырында Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында козголот.

XS
SM
MD
LG