Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Түштүктө террорчулукка каршы борбор түзүү ноябрда чечилет


Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн аймактык институтунунун директору Александр Князев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын түштүк аймагында террорчулукка каршы биргелешкен борбор түзүү боюнча президент Курманбек Бакиев менен орус президенти Дмитрий Медведев 1-ноябрда кол коюшат. Ал ошондой эле бул маселе учурда талкууланып жатканын, террорчулукка каршы борборду орусия тарап Ош шаарынын жанына түзүүгө кызыкдар болсо, кыргыз тарап Баткен облусунун аймагында түзүү керектигин айтып көшөрүп жаткандыгын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG