Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

А. Сарыбаев: Башкаруу системасы реформаланбаса экономика өспөйт


Президент К. Бакиев Жогорку Кеңеште башкаруу системасын реформалоо боюнча сөз сүйлөөдө. 1-сентябрь, 2009-жыл.
Президент К. Бакиев Жогорку Кеңеште башкаруу системасын реформалоо боюнча сөз сүйлөөдө. 1-сентябрь, 2009-жыл.

Башкаруу системасын реформалоонун өлкө экономикасына тийгизчү таасири тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев ой бөлүшөт.

- Айылчы мырза, президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик башкаруу системасын реформалай турганын билдирди. Эгерде президенттин парламентте айтканы ишке аша турган болсо, өлкөгө экономикалык жактан кандай пайдасы тийиши мүмкүн?

- Бул жерде өтө чоң маселе коюлду, себеби башкаруу системасын реформалап жана башкаруу аппараттарынын санын кыскартып, алардын ишке болгон мамилесин кескин өзгөртмөйүнчө экономикалык өсүш мүмкүн эмес деп баштан эле айтып келатканбыз. Президенттин экинчи мөөнөтүн баштап атып, бул маселени коюшу кубаттай турган нерсе. Тек гана ушул реформаларды тез аранын ичинде жүргүзүп, булардын жыйынтыгын чыгаруу маселеси турат.

- Президент жарым жыл убакытта башкаруу системасын реформалоону аягына чыгарууну сөз кылды. Ушунча убакытта аны аягына чыгаруу мүмкүнбү?

- Реформалоонун өзү ашып кетсе жарым ай, бир айдын ичинде эле жүргүзүлүшү абзел, жарым жыл деле көп убакыт. Жарым жыл деп, мүмкүн 1-январдан баштап бюджет жылы башталат. Ошого чейин башкаруу структураларын өзгөртүп, алардын айлык акыларын, кете турган чыгымдарды жаңы келерки жылдын бюджетине кошуп, андан ары иштетүү маселеси каралып атса керек. Ага деле ашып кетсе үч ай эле калды. Ушул мезгилдин ичинде реформаланбаса, январга чейин, анда бул реформа андан ары да жылып кетиши ыктымал, же келерки жылга калышы мүмкүн.

- 28-августта кыргыз өкмөтүндөжыйын болгон мезгилде каржы министри 2010-жылдагы мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгы 12,5 млрд. сомдон ашуун болот деген маалымат билдирди. Демек мунун өзү эле жакын арада реформа болбойт го деген ишенимге алып келип такайт?

- Каржы министри деген өзүнүн 2010-жылга боло турган божомолун мамлекеттик башкаруу аппаратынын реформасына, алардын структурасын өзгөртүүсүнө жараша айтыш керек эле, тилекке каршы ал өзү эле алдын ала айткандай болуп калды. 2010-жылдагы бюджеттин дефицити азыркы президент жүргүзө турган башкаруу аппаратын реформалоого жараша болот. Эгерде реформалоо жакшы жүрсө, жакшы жагдайга бурулса, анда дефицит кескин кыскарат. Жанагыдай 12 млрд. болушу мүмкүн эмес.

- Кыргыз өкмөтү жакынкы жылдары Кыргызстандын тышкы карызы 2,5 млрд. долларга жетерин билдирүүдө. Муну жоюу үчүн сырттан карыз алуу сүйлөшүлүп жаткандыгын каржы министри жакындагы жыйында билдирди. Минтип үстөккө-босток карыз ала берүүнүн арты эмнеге алып келиши мүмкүн?

- Менимче, президенттин башкаруу аппаратын реформалоонун эң негизги максаты бул тышкы карызды жоюу болуп эсептелет. Бул негизги максат болуш керек. Эгерде минтип эле азыркы иштеп аткан өкмөт үстөкө-босток карыз ала берсе албетте бул жакшылыкка алып келбейт. Тескерисинче, республиканын экономикасын чаржайыт кылат, аларды кризиске батырат, элди тентитет деген нерсе. Андыктан бул министрдин сөзү менен президенттин сөзү эки башка чыгып калып атпайбы.

- Демек бийлик президенттин колдунда болгондон кийин биз президентке ишенүүгө аргасызбыз?

- Албетте, анын үстүнө ал жаңы шайланып атат, жакшы пикирлерди, келечекте кыла турган өзүнүн максаттарын айтып атат. Анан бул максаттын, кыла турган иштердин жыйынтыгын күтө турушубуз керек.

-Айылчы мырза, маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG