Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Карзай бийликте калдыбы?


Соңку маалыматтарда Хамид Карзай -54,анын башкы атаандашы Абдулло Абдулло -28 процент добуш алды.
Соңку маалыматтарда Хамид Карзай -54,анын башкы атаандашы Абдулло Абдулло -28 процент добуш алды.

Ооганстанда бүллүтөндөрдүн 90 проценти саналып бүттү,Хамид Карзай 54 процент добуш алды. Эл аралык өкүлдөр көп жерлерде добуштар кайра эсептелиши кажет деп жатышат.

Шайлоо комиссиясы шейшемби күнү жарыялаган бул маалыматтарга азырынча эч ким өз мамилесин билдире элек. Андан бир күн мурда Кабулда президент Хамид Карзай АКШнын элчиси Карл Эйкенберри менен Улуттар Уюмунан жөнөтүлгөн атайын өкүл Питер Гэлбрейтти кабыл алды. Жолугушуу бир топко созулду, бирок анын жыйынтыктары тууралуу эч кандай маалымат айтылбады.

Ошол күнү шайлоо комиссиясы жарыялаган жаңы маалыматтарда Карзай жеңишке жеткени калганы айтылган эле.Ушундан улам
Карзай менен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү Кай Эйде да жолугушту.

Анын эртеси Эйде атайын билдирүү таркатып,ооган бийликтерин 20-августтагы шайлоодо катталган бардык калпыс фактыларга өтө олуттуу мамиле жасоого, ал эми борбордук комиссиянын жетекчилерин добуштардын калыс санагын камсыз кылууга чакырды.

Ооганстанда баары болуп 28 миң шайлоо жайлары түзүлгөн. Азырынча алардын 600дөн ашуунундагы добуштар ырасмий түрдө төгүндөлдү. "Булардын баарында бүллүтөндөр будамайга салынып саналган,биз муну атайын текшерүү учурунда аныктадык, ошондуктан аларды добуштардын жалпы эсебинен чыгарып салдык",-деп билдирди жекшемби күнү Көз карандысыз борбордук шайлоо комиссиясынын жооптуу кызматкери.

Ооганстандагы шайлоонун мыйзамдуулугун териштирүү үчүн Улуттар Уюмунун көмөгү менен түзүлгөн комиссия болсо жараксыз деп табыла турган мындай бүллүтөндөр абдан көп экенин ырастады. Жүздөгөн шайлоо жайларында добуштардын жыйынтыктарын жөн эле додомол менен жазып салышкан. Атүгүл бүллүтөн таштаган шайлоочулардын санын 100 процент кылып, талапкерлердин бирине берилген добуштарды 95 процентке жеткирип отчет тапшырган учурлар арбын.

Эл аралык өкүлдөр ооган бийликтерине мандемдүү жерлердин баарында добуштарды жаңылап санап чыгууну же кайталап шайлоо өткөрүү сунуш кылышууда. Кокус биринчи айлампада эле Карзай жеңүүчү болуп жарыяланса, андан өлкөдөгү кырдаал жеңилдеп кетпейт, кайра кыйындайт. Азыркы президенттин бардык атаандаштары аны мыйзамдуу президент катары тааныгандан эмитен эле баш тартып, жаңы өкмөт менен да эч кандай мунасага барышпай турганын эскертишүүдө.

Деген менен Карзайдын өкмөтүндө да эл аралык арачылардын сунуштарын кабыл алар кыяз жоктой. "Шайлоо ооган элинин ички иши. Добуш берүү процессин өзүбүз аныктаган конкреттүү чаралардын негизинде эркин жана адилет деңгээлде өткөргөнгө жетиштик. Биздин ички ишибизди кимдир бирөөлөрдүн сырт жактан туруп талкуулашына жол бербейбиз",- деп айтты тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ахмад Захир Факири.

Ушул айдын башында шайлоонун айынан Карзай АКШнын атайын өкүлү Ричард Холбрук менен кер-мур айтыша кеткен эле. Парижде чыгуучу Figaro гезитинде дүйшөмбү күнү жарыяланган маегинде Карзай "америкалыктар тымызын анын түбүн казып жатканын" кыйытып, "ооган президенти АКШнын тактекеси болушун эч ким каалабайт" деп ырастады.

XS
SM
MD
LG