Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

“Мен ишенбейм” акцияга чыгат


Кыймылдын мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жаштар аскер прокуратурасынын алдына нааразылык акциясы менен чыгышмакчы. Анын айтуусунда бул иш-чаранын өткөрүлөрү тууралуу 12 күн мурун Биринчи Май райондук администрациясына маалымдалган.

Белгилүү болгондой “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү Гүлшайыр Абдирасулова жана Каныбек Сарымсаков өздөрүнө Улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгын кабарлап, Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура Коопсуздук кызматы аскер прокуратурасына карай турганын маалымдаган жооп кайтарган. Аскер прокуратурасы өз кезегинде жаштарга “УКМК кызматкерлери мыйзам чегинде аракеттенишкен” деген жооп кайтарган.

“Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү УКМК кызматкерлери мыйзам боюнча адам укуктарын жана эркиндиктерин бузбоого тийиш болсо да, алар жаштарды кылмыш ишин козгоо жана күч колдонуу мүмкүндүгүн айтып, коркутуп-үркүтүүгө барып жаткандыгын белгилешип, буга байланыштуу түшүндүрмөнү Аскер прокуратурасынан талап кылышмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG