Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Ооган туткундарына "жаңы укуктар" берилет


Кабул -- Туткундар жогорку соттун имаратындагы намаз маалында.
Кабул -- Туткундар жогорку соттун имаратындагы намаз маалында.

АКШнын Баграмдагы базасында түрмөдө жаткан оогандар үчүн жаңы эреже даярдалып жатат. Бул ишти Пентагондун атайын өкүлү көзөмөлдөйт.

Ушу тушта АКШнын Баграмда жайгашкан авиабазасындагы аскерий абакта 600дөй адам бар. Айыпкерлер укуктары басмырланып, түрмөдөгү шарт-жагдай айласыз начарлап кеткенине нааразылык билдиришүүдө. Быйыл июлдан тартып алар камералардан чыкпай, аларды көргөнү келген жакындары, атүгүл эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккандан баш тартып келатышат.

Жекшемби күнү "Вашингтон пост" жана "Нью-Йорк таймс" гезиттери президент Барак Обаманын өкмөтү Ооганстанда америкалык аскерлердин колунда кармалып жаткандардын иштерин кайра териштирип чыкканы жатканын кабарлашты.Муну Ак үйдүн аты аталбаган кеңешчилери ырасташкан.

Пландын аки-чүкүсү азырынча белгисиз, бирок быйыл Обама ооган жериндеги аскери абак жайларындагы эреже-тартипти кайра карап чыкканга чакырган эле. Бул система мурдагы президенттин тушунда киргизилген. Ага ылайык Баграмдагы абаккерлерге адвокат жалдап алууга тыюу салынган. Алардын айрымдары алты жылдан бери сурак-сопкутсуз камакта отурат. Көпчүлүгү "душман" же "козголоңчу" деп кармалган.Терроризмге тиешеси бар-жоктугу аныкталган эмес. Буштун маалындагы бул практиканы эл аралык көптөгөн уюмдар сынга алышкан.

Эл аралык мунапыс уюмунун Азия-Тынч океан аймагы боюнча бөлүмүнүн директору Сам Зия Зарифи Ооганстанда аскери түрмөлөрдү түзгөнгө АКШнын дегеле укугу жоктугун белгиледи. Зарифинин айтымында, укук көз карашынан алганда Баграмдагы абаккананын эч кандай негизи жок, андай болгон соң муну менен мыйзам улуктугу жөнүндөгү түпкү принциптин Ооганстанда бузулушун шарттап жатат. АКШ,анын союздаштары бу жерде мыйзамдын күчүн орноткусу келсе,анда бу жагынан алар биринчи кезекте өздөрү өрнөк болушу керек.

Ооганстандын омбудсмени Лала Гүл да Баграмдагы бардык туткундардын иши жергиликтүү мыйзамдарга ылайык териштирилиши керек деген талапты толук колдойт. "АКШ болобу,башкаларбы,чет элдик бир дагы өкмөт ооган жеринде ооган жарандарын кармап, узак мөөнөткө камаганга укугу жок. Биз мындай практиканы эчен ирет сынга алып, мунун баары мыйзамсыз экенин эскертип,ак мокодук",-дейт ал.

Ак үйдүн аты аталбаган өкүлдөрү ырасташкандай,Баграмдагы түрмө иштерин тескөө милдети Пентагондун атайын өкүлүнө тапшырылат. Мындан тышкары ар бир айыпкерге офицерлерден куратор дайындалат. Куратор-офицер керектүү күбөлөрдү чакыртып, зарыл танык-далилдерди таптиштеп,дастания жүргүзө алат. Абакта жаткандар болсо өз иштерин буздуруу үчүн даттануу комиссиясына кайрылганга мүмкүнчүлүк алышат.Абактагы эреже-тартип өзгөртүлөт.

Пентагондун өкүлдөрү ырасташкандай, ооган жеринде да негизинен Ирактагы тарыйка колдонулат. Жаңы система абак жайында жаткандардын санын кыскартууга багытталат.

XS
SM
MD
LG