Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

НАТО Орусияны диалогго чакырды


НАТОнун жетекчиси А.Ф.Расмуссен Орусияга кол сунуп, кандай жооп алат?
НАТОнун жетекчиси А.Ф.Расмуссен Орусияга кол сунуп, кандай жооп алат?

НАТОнун баш-катчысы Андерс Фог Расмуссен коркунучтарга каршы бирге күрөшүш үчүн Орусия менен “буга чейин болуп көрбөгөн ачык” мамилелерди түзүүгө чакырды.

Андерс Фог Расмуссен Орусия менен “даана стратегиялык өнөктөштүктү” куруу боюнча так ою, планы бар экенин Британиядагы “Financial Times” басылмасынын бүгүнкү санындагы интервьюсунда айтты.

Стратегиялык кызматташуу, анын айтымында, учурдун талылуу маселелери: Ооганстан, терроризм жана каракчылыкка каршы биргелешип күрөшүүгө негизделет.

Москва менен “буга чейин калыптанып калган мүнөздө эмес, башкача нукта кызматташуу керек” деген Расмуссен муну “кансыз согуштагы” жаатташкан тараптардын ортосундагы жаңыча мамиле түзүүгө ишарат катары сыпаттады.

Бул үчүн ал Орусияга НАТОнун атайын делегациясын жиберип, Түндүк Атлантикалык альянс мындан ары кандайча өнүгүшү керектиги тууралуу Кремлдин да оюн суратам деп камынып жатканын айтты. “Орусияда да коопсуздук боюнча жеке өзүнүн позициясы бар, андыктан Европанын коопсуздугунун жаңы түзүлүшүн курууда орус президенти Дмитрий Медведевдин көз-карашы да эске алынат” дегенсиди.

Даниянын мурдагы премьер-министри Расмуссен өткөн айда НАТОнун баш-катчылыгына шайланган. Ал бу кызматка альянстагы 28 мамлекет дале “кансыз согуштан” кийинки мезгилде дүйнөдөгү оордун, миссиясын так аныктай албай жаткан чакта дайылдалды.

НАТОнун Ооганстандагы аскерий аракеттеринен улам ага мүчө-мамлекеттер арасында альянстын “эларалык милиция” катары мааниси кайсыл бир деңгээлде жоголуп калган.

Быйыл июлда Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Москвага барып, америка-орус алакаларын түп тамырынан бери жаңыртуу, жакшыртуу зарыл экенин айткан эле. Андыктан Расмуссендин Москва менен алаканы жакшыртуу чакырыгы да Обаманын сөздөрүнө коошуп кеткендей угулуп жатат.

Чынында, Расмуссен бу кызматка келгенден тарта эле Орусия менен алаканы жакшыртыш керек деп келатат. 4-августта Брюсселде ал кызматына киришип жатып, журналисттерге да ушундай пикирди айткан эле.

“Албетте, айрым фундаменталдык маселелер боюнча бизде түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Биз, мисалы, Орусия коңшулаш өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана саясий эркиндигин урматташы керектигин айта беребиз, - дейт ал. - Бирок ушул маселелердин айынан биз Орусия менен мамилебизди бузуп алгыбыз келбейт”.

Азырынча орус президенти Дмитрий Медведев да, премьер-министри Владимир Путин да буга карата жообун айтыша элек.

НАТО постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде Грузия менен Украинаны тийиштүү талаптар аткарылганда өзүнө мүчө кылып алууга даяр экенин билдирген. Кремль буга нааразылык билдирип келет. Орусия, мындан сырткары, Борбордук Европага АКШнын ракетадан коргонуу системасын орнотуу планына да кескин каршылыгын билдирген.

Анын үстүнө былтыркы орус-грузин согушу да НАТО менен Орусиянын ортосундагы алакаларга кошумча тикенек болуп берди. Бирок НАТОнун жаңы жетекчиси ортодогу капачылыктарды артка жылдырып, Европада коопсуздукту бекемдеш үчүн биргеликте кызматташууну алдыга сүрөй тургандай түрүн көрсөтүүгө аракет кылууда.

“Орусия НАТО бар экенин жана ал Атлантика аралык мамилелерден тураарын түшүнүшү керек. Биз да коопсуздук тууралуу Орусияны чочулаткан жагдайларды эске алууга милдеттүүбүз”, - деп айтты Андерс Фог Расмуссен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG