Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Балыкчы окуясы боюнча сот уланууда


Айыпталуучу Канат Сопиев сотто суралууда, 16-сентябрь, 2009-жыл.
Айыпталуучу Канат Сопиев сотто суралууда, 16-сентябрь, 2009-жыл.

Балыкчы окуясы боюнча кечээки соттук отурумда 1 айыпталуучу, 2 жабырлануучу көрсөтмө берди. Жабырлануучулар соттолуп аткандарга доосу жок экенин ырастады.

Президенттик шайлоого ишенбөөчүлүк көрсөтө коебуз деп 23-июль күнү Балыкчы шаарынан камалгандардын иши Балыкчы шаардык сотунда 15-сентябрдан бери уланууда. 16-сентябрдагы соттук отурумда айыпталуучулардан Канат Сопиевдин иши биринчи каралды. Анткени камакканадан анын ден сооолугу начарлап ооруканага чыгарылган. Канат Сопиев ага жалган түшүнүк жаздырган тергөөчү күнөөлүү экенин айтты.

- Кылмыш ишин тергөө бөлүмүнүн облустагы башчысы "сен мурда милиция болуп иштепсиң, башкаларга кошуп камап койсом билесин, абалың кандай болот, ошон үчүн мобу актыга кол кой деп, жактоочу алганга мүмкүндүк бербей туруп өздөрү каалагандай түзүлгөн протоколду көрсөттү.

Жактоочу Сартбай Жайчыбеков: - Корутундуда ден-соолугуңдун начардыгы бул окуяга чейин болгон деп жазылыптыр.
Мени адегенде мэриянын алдынан, анан милицияга камалганда сабашты. заарам чыкпай калганча жаттым.
Айыпталуучу Канат Сопиев


Айыпталуучу Канат Сопиев: - Анда мен ушинтип аран басып жүрбөй дарыланмакмын да. Бул калп. Мени адегенде мэриянын алдынан анан, милицияга камалганда атайын бөлүктүн кызматкерлери сабаган. Заарам чыкпай калгыча жаттым, дарыгердин кагазы бар.

Айыпталуучу Канат Сопиев камакканага дени сак келгени боюнча Балыкчы шаар милициясынын башчысы Кандыбек Дегенбаев да көрсөтмө берди.

Канат Сопиев БЭКтин Ысык-Көл району боюнча координатору болгондуктан шайлоо күнү райондогу балдарын Балыкчы шаарына жалдап келип митингге чыгармак деген негиз бар экенин айыптоочу Үмүт Коңкубаева билдирди:

- Атамбаевдин кишилери мага 100миң сом өткөрүп берген, үгүт, митинг учурунда таратып бермекмин деп көрсөтмө берген экенсиз.

Айыпталуучу Канат Сопиев болсо аны мажбурлап жаздырганын да, ага жактоочунун колу да коюлбаганын айтты.
Сот залында

Сот Дүйшембиев “283-беренеде кайсы убакта көрсөтмөлөрдө айырма болсо,анда...” деп айыптоочу тарапты колдоого өттү эле Сопиевдин жактоочу С. Жайчыбеков: “Урматтуу сот, азыркы протокол түнкү саат 12де жактоочунун катышуусусуз түзүлгөн, демек бул негизсиз”, - деген жүйөөлөрдү келтирди.

Балыкчы окуясында башкы жабырлануучу катары шаардын милиция башчысы Кандыбек Дегенбаевдин аты аталууда . Бирок ал колунун сынганын ошол сот залында отурган 19 айыпкерден эмес, ЖКнын депутаты Кубанычбек Кадыровдон көрүп атканын айткандан кийин жактоочу Азимбек Бекназаров суроо салды:

- Сиздин колуңузду Кадыров сындырса, бул камактагы балдарга дооматыңыз жокпу? Буларга Дегенбаевдин чыпалагы сынган деген күнөө коюлуп атпайбы?

- Жок. Алардын бул ишке күнөөсү жок. Ал айып албетте алынышы керек, -деди Кандыбек Дегенбаев.

Ошентип 16-сентябрдагы сот отурумунда оппозиция тараптан мамлекеттик жана коомдук жактоочу катары камактагылардын укугун коргоп аткан Азимбек Бекназаров менен Топчубек Тургуналиев 19 айыпкердин күнөөсүз экенин ырастаган фактыларды далилдей баштады.

Териштирүү ар бир жуманын шейшемби, шаршемби, жана бейшемби күндөрү болмой болду. Ал канча айга созулаары белгисиз. Бирок 19 айыпкер, 55тей күбө 6 жабырлануучуну сураганга эле бир топ убакыт керектелээри дайын болуп калды.

Президенттик шайлоо күнкү Балыкчыдагы чыр боюнча кармалгандарга Конститутциялык түзүлүшкө каршы чыкты, шайлоого тоскоолдук кылган жана баш-аламандык уюштурду деген айыптар тагылган.

XS
SM
MD
LG