Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

АКШ Европада радар жайгаштыруу планынан баш тартууда


Чех жумуриятынын премьер-министри Ян Фишер
Чех жумуриятынын премьер-министри Ян Фишер

АКШ Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасынын бөлүктөрүн жайгаштыруу планынан баш тартып жатканын Чехиянын өкмөт башчысы Ян Фишер билдирди.

Өкмөт башчы бул тууралуу аны президент Барак Обама кабардар кылганын айтты. Бирок Вашингтон өзү бул маалыматты расмий тастыктай элек. Уол Стрит Жорнэл гезити бир катар булактарга таянып жазганына караганда, АКШ Ирандын узун аралыкка учуучу ракета куруу программасы мурда болжолдонгондой ыкчамдаган жок деген тыянакка келди. Москва Вашингтондун бул долбооруна катуу каршылыгыны билдирип келген эле.

Чех жумуриятынын премьер-министри Ян Фишер бүгүн эртең менен Прагада чукул пресс-конференция өткөрүп, АКШ президенти менен сүйлөшкөнүн билдирди:

- Бүгүн түн ортосунан бир аз өтүп калган кезде АКШ президенти Барак Обама телефон чалып, анын өкмөтү Чех Жумуриятынын аймагында ракетага каршы радар системасын орнотуу ниетинен баш тартып жатканын кабарлады.

Чехияда жайгаштырылат деп пландалган радар антиракеталык системасынын негизги бөлүгү болмок. Андан тышкары Польшада 10 ракета кармагыч орнотуу каралган.

Уол Стрит Жорнэл (Wall Street Journal) бүгүнкү санында жазганына караганда, учурда Варшава менен Прагада америкалык расмий делегация жүрөт.

Гезит АКШнын азыркы жана мурдагы расмий адамдарына шилтеме жасап маалымдагандай, АКШ Ирандын узун аралыкка учуучу ракета куруу программасы мурда болжолдонгондон жай жүрүүдө деген тыянакка келди. Демек, Европа жана АКШга туулган коркунуч да анча олуттуу эмес.

Ракетадан коргонуу системасы боюнча долбоор АКШнын буга чейинки администрациясы тарабынан сунуш кылынган. Буш администрациясы система Иран туудурган коркунучтан коргонууга жардам берет деп ырастап келген. Батыш Тегеран атомдук курал чыгаруу жана аларды жеткирүү программасынын үстүнөн тымызын иштөөдө деп шектенет.

АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс бүгүн кечинде Вашингтондо пресс-конференция өткөргөнү жатат. Ага ракеталар боюнча адис, генерал Жэймс Картрайт да катышмакчы.

Россия америкалыктардын планына башынан эле каршы болуп келген. Москва ал система Иран же Түндүк Кореядан коргонуу үчүн эмес, орустарга каршы багытталган деген ойдо. Андыктан Вашингтондун чечими Кремль үчүн жакшы кабар болуп калмакчы. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва андай чечимди мунаса катары эмес, жаңылыш саясаттын оңунан чыкпай калышы катары бааларын буга чейин айткан.

Чыгыш Европанын айрым мамлекеттери АКШ Россия менен мамилелерин оңдоо аракетинде Вашингтондун региондогу шериктерин садага чабууга даяр деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG