Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Кезек Боснияга келдиби?


Сербиянын президенти Борис Тадич (солдо) менен Босния Серб республикасынын премьери Милорад Додик Паледеги орто мектептин ачылуу салтанатында.
Сербиянын президенти Борис Тадич (солдо) менен Босния Серб республикасынын премьери Милорад Додик Паледеги орто мектептин ачылуу салтанатында.

Босния-Герцеговина бөлчөктөнүп,бөлүнүп кетиши мүмкүн. Муну федерацияга кирген Серб республикасынын өкүлдөрү эскертишти.

Босния-Герцеговина 1995-жылы Дейтон келишиминде каралган шарттарга ылайык түзүлгөн. Ага мусулман-хорват федерациясы менен серб республикасы (республика србска) кирген.

"БиГ – жасалма түзүлүш эле, эми ал ого бетер жасалма көрүнө баштады",-деп билдирди федерациянын курамындагы сербдердин премьери Милорад Додик мындан үч күн илгери. Анын айтымында,босниялык мусулмандар федерацияны конституциялык жактан кайра түзүп чыгууну көздөп калышты,сербдер болсо Дейтон келишими такай бузулуп жатканына нааразы.

"Өз алдынча мамлекет катары Босния-Герцеговина эл аралык таанымга ээ болду,бирок ичтен ал бириккен жок",-деп кошумчалады Додик. Федералдык бийликтер менен эл аралык администрацияны ал Дейтон келишимин бекем сактоого чакырып,эгер анын негиздери бузулса,мунун арты Серб республикасын федерациядан чыкканга мажбур кыларын эскертти.

Федерациянын курамында сербдердин республикасына автономиялык кыйла кеңири укуктар берилген,ал жалпы Босниянын тең жарымына жакын территориясын контролдойт. Мусулман-хорваттар конституциялык реформа өткөрүп,сербдердин укуктарын бир топ чектөө идеясын кеп кыла башташты.

"Босния жок болгонго бир кадам жакын калганын" Додиктен мурда үч президенттүү федерациянын президиумундагы серб өкүлү Небойша Радманович да айткан эле.

Ушул айдын башталышында Паледеги жаңы мектептин ачылышына Сербиянын президенти Борис Тадич келип кеткен соң бу маселеге байланыштуу коомчулуктун бүйүрү бир топ кызып кетти. Салтанаттагы сөзүндө Тадич: "Мен силерге айтып койгум келет, сербдер кайсы жерде жашабасын,алар үчүн Сербия жооп берет. Болгондо да серб улутундагы бардык жарандар үчүн жоопкерчиликти Сербия өзүнө алат",-деген эле.

Додик болсо аталган окуяны "Паледеги жакшы адамдар,өз кишилер арасында болуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү" катары баалап, ага "биздин урматтуу президентибиз Тадичтин келгени андан бетер сонун болду" деп айткан болчу.

Босниядагы уруш маалында дал ушул Паледе сербдер мусулмандарды кызыл кыргынга салган. Бул шаар ушу тушта согуш кылмышкери катары айыпталып,Гаагадагы трибуналдын түрмөсүндө отурган Радован Каражичтин кичи мекени саналат.

Тадичтин коңшулаш өлкөгө барганын,бирок ырасмий өкүлдөр менен эмес,федерациядагы серб калкы менен жолугуп,алардын тагдыр-таалайы үчүн Белградды башкы гарант деп атаганын айрымдар кооптонуп кабыл алышты. Кээ бирөөлөр мындан Косовонун эсесине Босниядагы улутташтарын өзүнө кошуп алууну көздөгөн Сербиянын өктөөсүн көрүштү. Бирок мындай болоруна көзү жеткендер сербдердин арасында деле көп эмес дешет.

XS
SM
MD
LG