Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Москвада 10 улутчулга сот өкүмү угузулду


22-сентябрда Москва шаардык соту чет өлкөлүктөргө кол салган деп айыпталган москвалык улутчулдар тобуна карата чечимин угузду. Такырбаштар тобунун мүчөлөрү 3 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесилди.

Улутчулдар тобунун лидерлери Евгения Жихарева 8 жылга, ал эми Илья Шутко 10 жылга эркинен ажыратылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул улутчул топтун 10 мүчөсү 2008-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын жарандарына кол салышкан.

Улутчулдар тобунун лидери - 17 жаштагы Евгения Жихарева. Ал быйыл Москвадагы Суу жана транспорт академиясына өткөн. Топтун дагы бир лидери Илья Шутко буга чейин да Саха элинин шахмат оюну боюнча чемпиону Сергей Николаевди өлтүрүп, 7 жыл 6 ай абакта отуруп чыккан. Бирок мурдагы кылмышы эске алынбастан, Шутко 10 жылга эркинен ажыратылды. Себеби Орусиянын мыйзамдары боюнча, жашы жете элек кылмышкерлерге ушундай жеңилдик берилет.

Топтун мүчөлөрүнүн бешөө 5 жылдан 8 жарым жылга чейин шарттуу түрдө кесилди. Прокурор сот чечими менен макул болгон жок. Айыпкерлердин жактоочулары жана ата-энелери болсо, айыпкерлерге карата милиция тарабынан күч колдонулганын ырасташууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Москва шаардык соту улутчулдарга карата чечимин угузду. Маалыматтар боюнча, бул улутчулдардын колунан 2008-жылы кыргызстандык атуул да набыт болгон. Айрым байкоочулар улутчулдарга берилген жаза жеңил болгонун айтышууда. Сиздин пикириңиз кандай?

Р. Аттокуров: Соттун чечими боюнча Орусиянын прокуратурасы өз пикирин айтты. Анын айтымында, улутчулдарга жеңил жаза берилип калган. Бирок Орусиянын мыйзамы боюнча мындай кылмыш жасаган, жашы 18 жетпегендерге он жылдан ашык берүүгө болбойт. Сот өкүмү кандай болгондо да - ал өкүм. Адвокаттардын да, прокурордун да, кылмышкерлер менен алардын курмандыктарынын өз пикирлери бар. Биз Орусия прокуратурасынын пикирлерине кошулабыз.

“Азаттык”: Орусиялык улутчулдар менен байланышка чыккан элеңиз. Ал жолугушуулардан пайда болдубу?

Р. Аттокуров: Баарына белгилүү болгондой, 2008-жылдын үч-төрт ай ичинде ушундай кылмыштар абдан көп болгон. Айрыкча Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандарына каршы жасалган. Биз өкмөт жана элчилик тараптан Орусиянын бийлигине кайрылганбыз. Кудай билет, эми ошондон бери кыргызстандыктарга колу салуу жок десек болот. Жалгыз эле Москва, Москвалык обулус эмес,Сахалинден Калининградга чейин мигранттар, атуулдарыбыз менен тыгыз байланыштабыз. Акыркы учурда айрыкча кыргызстандык жарандардын мындай окуяга дээрлик туш келбей калды.

“Время новостей” геөитинин маалыматына караганда, демейде скинхеддер көчөдөн өңү азиялык кишилерди издешкен. Андай киши табылганда баары жабыла ага кол салып, ал жыгылганда тепкилеп, анан бычактап кетишкен. Би-Би-Си үналгысынын кабарлоосу боюнча, бул улутчулдар тобу 1-февралда 18 жаштагы кыргызстандык Марат Акматовго кол салышкан. Акматовго бычакты Шутко урган.

XS
SM
MD
LG