Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Ахмадинежад кайрадан Израилди айыптады


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөп Палестин аймактарында “ырайымсыз саясат” жүргүзүүдө жана дүйнөлүк саясатта, экономикада үстөмдүк кылууда деп Израилди айыптады. Ошол эле мезгилде Ахмадинежад Тегерандын атомдук программасынан улам Иран менен Батыш ортосунда пайда болгон тирешүү жөнүндө сөз кылган жок. Иран президенти чет өлкөлүк күчтөр Жакынкы Чыгышта “согуш, кан төгүү, агрессия, коркутуп-үркүтүүлөрдү” жайылтып жатат деп, мисал катары Ирак менен Ооганстандагы уруштарды келтирди. Батыш делегацияларынын көпчүлүгү Ахмадинежад сүйлөп жаткан кезде залдан чыгып кетишти.

XS
SM
MD
LG