Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Балдардын билим алуу укуктары бузулган көрүнүштөр талкууланды


"Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы" коомдук фондунан билдиришкендей, бүгүн Түп районунда мектеп окуучуларынын билим алууга болгон укуктарын коргоо маселелеринин айланасында тегерек стол жыйыны өткөрүлдү. Анда балдардын акысыз билим алуу укуктарынын бузулушуна алып келген форма кийүүнү талап кылуу, мектепке баланы тест аркылуу алуу, акча чогултуу, ар кандай басмырлоолор өңдүү проблемалар талкууланды. Талкууга парламенттин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинен, Өкмөттүн алдындагы Балдар укугун коргоо департаментинен өкүлдөр, аталган райондогу мугалимдер катышты. Жыйында билим алуу укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча сунуштар иштелип чыкты. (AzK)

XS
SM
MD
LG